// //

Боюмда бар кезде аябай арыктап кеттим, кантип калыбыма келем? Гинекологдун жообу

2020.06.09, 10:32
1348

Боюмда бар кезде катуу токсикоз болуп, аябай арыктап кеттим. 60кгдан 48кгга түштүм. Кыздуу болгонбуз, тогуз айга толуп калды. Бирок дагы деле салмак кошо албай жатам. Төрөттөн кийин кантип калыбыма келсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.06.2020, 10:33

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы. Кош бойлуулук жана төрөт ар кимге ар кандай таасирин тийгизет. Айрымдар салмак кошуп толуп кетишсе, башкалар сизге окшоп токсикоздун айынан кескин арыкташат.

Эгер салмак мурункудан кыйла айырмаланса, бул кандайдыр гормоналдык бузулуулардын белгиси болушу мүмкүн, жана аны изилдеп чыгуу керек.

Адатта, баланы эмчектен чыгаргандан кийин аялдын салмагы акырындык менен өз калыбына келет. Эгер андай болбой жатса, тиешелүү дарыгерлерге көрүнүү сунушталат.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт