Ата-энемдин паспорттору жок, апамдын күбөлүгү менен паспорт ала аламынбы?
Саламатсызбы. Мен Өзбекстанда туулгам, бирок Кыргызстанда окугам. Ата-энемдин паспорттору жок, апамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгу гана бар. Ошонун негизинде паспорт ала аламынбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Тилекке каршы, апаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү паспорт алуу үчүн жетишсиз. Сиздин жарандыгыңыз аныкталышы керек, аны ата-энеңиздин паспортторунун негизинде билет. Эгер Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала элек болсоңуз, алгач жарандыкка документ тапшыруу керек. Андан кийин паспорт алууга документ берсеңиз болот.
Жашаган жериңизге караштуу паспорт столуна кайрылсаңыз, бардык суроолоруңузга жооп ала аласыз.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?