Түркияда төрөлгөн баланы Кыргызстанга алып келсе көйгөй жаралбайбы?
Эжем Түркияда иштеп жүрүп турмушка чыккан, бирок ЗАГСка турушкан эмес. Бир кызы бар, кичинекей. Карантин бүткөндө Кыргызстанга келем дейт. Эжем кызын өзүнө каттатып келе алабы? Чек арадан кызын алып коюшпайбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Бул жерде негизгиси, эжеңиз кыздуу болгондо баланы кимдин атына жаздырган? Эгер Кыргызстандын элчилигинен өзүнүн атына күбөлүк алса, эч кандай көйгөй жаралбайт. Ал эми Түркиянын күбөлүгү алынса жана атасынын атына жазылса, анда өлкөдөн чыгарып жаткандыгы үчүн баланын атасынын уруксаты керектелет. Мындайда, атасынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун алуу зарыл.
Кандай болгон күндө да, эжеңиз Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине кайрылсын.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?