Мөөнөтүм 36 жума болуп калды, ичим бурап ооруйт. Коркунучу жокпу?
Саламатсызбы. Сизден кеңеш сурайын дегем. Азыр 36 жумалык боюмда бар. Кеч киргенде саат 7ден 10-11ге чейин ичим көөп, жел чыгара албай кыйналам. Коркунучтуу эмеспи? Ичим бурап ооруйт.
Раушан Джумагулова
«Эркай» клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Кош бойлуулугуңуздун мөөнөтүн эске алганда, сизде медицина тилинде айтканда “тренировочные схватки” болуп жаткан болушу мүмкүн. Эл арасында “ай толгоо” деп коюшат. Жатын алдыда боло турган төрөт процессине даярдык көрө баштайт, жыйрылып, тонуска түшөт, бирок жатын моюнчасы ачылбайт.
Ичтин төмөн жагы, бел оорутат. Бирок алар туруктуу болбойт, жана ортосундагы интервалды эсептөө мүмкүн эмес. Кээде саатына бир нече жолу кармаса, айрым учурларда бир күн кечке кармашы мүмкүн.
Күмөн болуп жатсаңыз учеттто турган гинекологго барып көрүңүз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка