Төрт айлык баланы отургузса белине күч келбейби? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Балама төрт ай болуп калды. Эгер аны отургузуп кармаса, белине күч келбейби?
Елена Халитова
Педиатр
Саламатчылык. Педиатрлар жана ортопеддер баланы атайы эртелеп отургузушуна караманча каршы. Ойнотуп жатканда жарым-жартылай отургузуп кармаса болот. Бирок өзү отурууга аракет кылган учурда гана. Анткени, ал мындай позадан тез эле чарчап калат.
Баланы эртелеп отургузуу кийин анын жалпы ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Вертикалдык абал ымыркай үчүн ыңгайсыз, бул анын белине, жүлүнүнө (позвоночник) күч келтирет.
Канча айынан отургузуу керек деген суроого так жооп берүү кыйын. Анткени ар бир наристе өзүнө ылайык ритмде өнүгөт.
Адатта алты айдан өтүп калгандан кийин баланын булчуңдары жетишээрлик деңгээлде катып, өзү отурууга далалат кыла баштайт. Ошондо артына жаздык тиреп, бир нече мүнөткө отургузсаңыз болот.
Педиатр Елена Халитованы “Семья и здровье” клиникасынан тапсаңыз болот. Клиниканын телефон номери: 0312 910150; 0312 910160; 559 910153, дареги: Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү 8/3 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет).
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?