Күбөлүгүм туура эмес жазылып калып паспорт ала албай жүрөм. Кимге кайрылам?
Мен 18 жаштамын. Дагы деле паспорт ала албай жатам. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм туура эмес жазылып калыптыр. Апасы деген жерде апамдын аты ката жазылган. Паспорт алуу үчүн митиркамды алмаштыруу керек экен. Аны алмаштыруу үчүн апамдын митиркасы керек экен. Апам болсо күбөлүгүн бербей койду (3 жашымда ата-энем ажырашып, биз атамдын колунда калганбыз). Кантип паспорт алсам болот?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Кечиресиз, сиздин маселеңиз татаал экен. Ага так жооп алуу үчүн кошумча маалыматтар керек. Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген адистин телефон номерлерин калтырып коем, ошого байланышып, толугураак маалымат берип, сурооңузга жооп алсаңыз болот.
0312 62 15 81; 0312 66 14 82 – ушул телефондорго чалып көрүңүз.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?