// //

Баланы эмдеткенбиз, ийне сайылган жери көрүнбөйт, кайра жасатышыбыз керекпи?

2020.05.26, 11:49
1439

Саламатсызбы. Төрөгөнүмө 10 күн болду. Балама төрөт үйүнөн БЦЖ жасалган. Ийне сайып жатканда бала кыймылдап жиберип, дары чыгып кеткен. Бирок медайым, “эч нерсе эмес”, деп койгон. Үйгө чыгып келгенде карасам, БЦЖнин орду жок. Кайрадан эмдетишибиз керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2020, 11:51

Елена Халитова

Педиатр

Саламатчылык. БЦЖ препараты теринин алдына жана булчуңга эмес теринин өзүнө (внутрикожно) сайылат. Башкача айтканда териге паралель. Ошондуктан ийнеси чыгып кеткендей көрүнүшү мүмкүн.

БЦЖ туура жасалган учурда төмөнкү белгилер байкалат:

  • жергиликтүү реакция, ийне сайган жери катуу болот, оорутат;
  • инъекция жасалган жери билинип, байкалып турат;
  • бир нече айдан кийин ийне сайылган жеринде кичинекей так, тырык пайда болот.

Андан тышкары бул белгилер баланын жаш курагынан, вакциация жасап жаткан адамдын тажрыйбасынан, БЦЖ вакцинаны берилген өлчөмүнөн (дозасынан) ж.б. көз каранды.

Сурооңузга, так жоопту баланы көргөн педиатрдын өзүнөн гана ала аласыз. Көрбөй туруп баа берүү кыйын болуп турат.

Балаңыз ден соолукта болсун!

Педиатр Елена Халитованы “Семья и здровье” клиникасынан тапсаңыз болот. Клиниканын телефон номери: 0312 910150; 0312 910160; 559 910153, дареги: Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү 8/3 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет).

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт