Артыкчылык аттестаты менен бүтө турган окуучуларга «Алтын тамга» тести болобу?
Саламатсызбы! Мен 11-класстын бүтүрүүчүсүмүн. Быйыл артыкчылык аттестаты менен бүтө турган окуучуларга «Алтын тамга» тести болобу?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаган талаптарды сактоо менен реалдуу режимде өтөт жана окуучулар жыйынтыкты дароо колуна алышат. Билим берүү жана илим министрлиги сынакты өткөрүүнүн бир нече варианттарын даярдап, билим берүү системасындагы практиктер, эксперттер менен талкуулагандан кийин ушундай чечим чыгарат.
Ѳткѳрүү мѳѳнѳтү 2020-жылдын 12-июнунан 19-июнуна чейин пландалып жатат.
Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгѳ ѳзүнчѳ планшет (180) берилет. Бүтүрүүчү тѳрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырып, бүтөрү менен жыйынтык чыгарылат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан көз эксперттер да дароо таанышышат. Мындай форматта ѳткѳрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр.
«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы областтык борборлордо (Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол) ѳткѳрүлѳт, имараттар дезинфекцияланат, социалдык дистанция сакталат жана ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат.
«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү түрдѳ эмес, ар бир талапкер ѳз ыктыяры менен катышат.
Бул жерден билимге байланыштуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?
Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет
Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?