Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?
2020.05.04, 12:13
1187
Саламатсызбы! Былтыр жалпы республикалык тестке акчасын төлөп катталып, бирок тест болор күнү шартка байланыштуу бара албай калгам. Быйыл акча төлөбөй эле кайра катышсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2020, 12:15
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Быйыл кайрадан жалпы республикалык тестирлөөгө катышууну кааласаңыз, каттоодон өтүп, акчасын төлөшүңүз керек. Тестти акча төлөбөй тапшыруу мүмкүн эмес. Анткени, сиз акча төлөп каттоодон өткөндөн кийин, келбей калдыңыз. Бирок, биз болсо сизди эсептеп, тесттин жана каттоо материалдарына акча сарптап койгонбуз. Жыл сайын чогултулган акча тест өткөрүүгө каржыланат. Ошон үчүн кайрадан акча төлөп, каттоодон өтүшүңүз абзел.
0
Пайдалуу жооп