Паспорт ала элекмин, алаарда атымды өзгөртсөм болобу? Эксперт жооп берет
Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын, паспорт ала элекмин. Паспорт алып жатканда атымды өзгөртсөм болобу? Же кыйынчылыктар жаралабы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Ооба, атыңызды алмаштырсаңыз болот. Ал үчүн туулагндыгы тууралуу күбөлүктү да алмаштыруу керек. Жашаган жериңизге караштуу ЗАГС бөлүмүнө кайрылыңыз. Ал жерге бараарда:
- ата-энеңиздин паспорттору;
- алардын никеси тууралуу күбөлүгү;
- өзүңүздүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүз керек болот.
Андан кийин атыңызды эмне үчүн өзгөрткүңүз келип жатканыңыздын себебин билдирип, арыз жазасыз.
Сиздин туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берген ЗАГС бөлүмүнө кайрылсаңыз, процедура тезирээк жүрөт.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?