Жер тилкесин саткан адам каза болуп калыптыр. Үйдү кантип өзүмө өткөрүп алам?
Саламатсызбы. Менин да суроомду чыгарып коюңузчу. Айылдан жер тилкесин алган элем, документтер нотариустан күбөлөндүрүлгөн, ишеним кат берилген. Өзүмө өткөрүп алайын десем, убагы өтүп кетти, саткан киши да каза болуп калыптыр. Эми кандай кылышым керек?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Түшүнгөнүмө караганда, сиз алган жер тилкеңиз ишеним каттын негизинде гана сатылып алынган. Эгер мөөнөтү өтүп кетсе, саткан киши каза болуп калса, анын жубайы (же жолдошуна) кайрылып, ишеним каттын мөөнөтүн узартсаңыз болот.
Же болбосо каза болгон адамдын мураскерлерин жоопкер катары көрсөтүп, сотко соода сатык келишими өткөрүлгөн деп таап берүү жөнүндө доо арыз менен жер тилке жайгашкан райондук сотко кайрылсаңыз болот.
Айта кетчү нерсе, экинчи жолун тандай турган болсоңуз иш кагаздар менен далилдөө абзел, мамлекттик алым төлөө керек жана убакыт көбүрөөк талап кылынат.
Ийгилик каалайм!
Бардык оурмандарга эскертүү!!! Урматту окурмандар, соода-сатык иштерин жүргүзүүдө “ишеним кат” жазуу жетишсиз. Бул документ жеке менчик укукту эч качан аныктабайт. Ишеним катты мыйзамсыз деп жокко чыгаруу беш мүнөттүк иш.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?