// //

Түркияда иштейм, жакында паспортумдун мөөнөтү бүтөт. Эмне кылышым керек?

2020.05.18, 11:24
986

Саламатсызбы. Суроом төмөндөгүдөй: мен Түркия мамлекетинин Анталья шаарына 2017-жылы келгем. Бул мамлекеттин мыйзамдарын билбегендиктен визасын алган эмесмин. Ошондон бери бул жерде мыйзамсыз түрдө иштеп жүрөм.

Жарандык (загран) паспортумдун мөөнөтү июнь айынын аягында бүтөт. Кыргызстанга барбай туруп, Кыргыз мамлекетинин жарандык паспортун ала аламынбы?

Ал үчүн эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.05.2020, 11:26

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси

Саламатчылык. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алыш үчүн биздин мамлекеттин Түркиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылышыңыз керек. Ал эми жогорудагы өлкөдө мыйзамсыз жашап, иштеп жаткан болсоңуз, каттоого турбасаңыз, айып пул төлөө зарыл.

Бул тууралуу кененирээк маалыматты жана шарттарын элчиликтин өзүнө кайрылгандан кийин биле аласыз.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам

Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?

Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт