// //

“Кичинекей балага окшоп чалчаңдаба!” Балаңарга ушинтип айтасыңарбы?

2020.05.15, 14:34
3283

Бул ирет да ата-энелик директивалар тууралуу сөздү улантабыз.

Ата-энелик директивалар деген эмне? Бул ата-энелер билип билбей баланын мээсине куйган маалымат, багыт, орусча айтканда “установка”, - дейт психолог Эльвира Чокоева. Андай багытты адатта бала менен эң көп убакыт өткөргөн адам берет, апасы, атасы, чоң энеси, таенеси ж.б.

Психологияда мындай багыттардын 12син бөлүп карашат. Ал директивалар биздин турмушубузга таасирин тийгизип, толук кандуу жашоого тоскоолдук жаратат.

Экинчи директива “Бала болбо!”

Биринчи биректива “Жашаба!” бул жактан окусаңыз болот.

Мындай маалыматты ата-эне балдарына байкабастан көп ирет айтат, мисалы: “Сен чоңсуң!”, “Сен улуусусуң!”, “Кичинекейлерге окшоп чалчаңдаба!”, “Болду, ыйлаба!”, “Ишенген кишим сенсиң”.

Ооба, мындай сөздөрүбүз менен биз балдарды өз алдынчалыкка үйрөтүп, жоопкерчиликтүү болуусуна үндөп жаткандайбыз. Ошол эле учурда, алардын балалык эмоцияларына, каалоо тилектерине тыюу салып койгонубузду байкабайбыз.

Ар бир жаш курактын өзүнө тиешелүү кубанычы, жыргалы болот. Сегиз жаштагы бала велосипед тээп, кубалашмак ойногондон ырахат алат, ал эми ошол эле бала 14 жашка чыкканда биринчи сүйүүсүн баштан кечирип, алгачкы “свиданиеге” барышы мүмкүн.

8-9 жаштагы кызга, болду, сен чоңойдуң, үйлөрдү жыйнап, тамак жасап кой, - деп айтышы ата-эненин “бала болбо!” “чоңой” дегендиги. Албетте, бала жаштайынан ата-энесине жардам берип, эмгек эмне экенин билип, түшүнүшү керек.

Бирок ошол процессти атайы эртелетүү, баланы тезирээк чоңойтуп, шаштыруу – анын балалыгын уурдоо менен барабар.

Мындай адамдар кийин жашоонун рахатын ала-алышпайт. Жөн отуруп эс ала албайт. Ар дайым кыймылдап, кыбырап оокат кылып турушу керек. Балалык кезиндеги каалоолорун орундатуудан тартынат, күнөлүү сезет, орунсуз деп ойлойт.

Мындайда психологдордун иши өзүнүн ички каалоолорун угууга жана ишке ашырууга багытталат.

Мисалы, бала кезиңде жетпей калган куурчакты сатып алуу, же батутка чыгып алып, алың калбай калганча секирүү. Келинчегиң, балдарың менен суу чачышып, ойноо, каткырып күлүү.

Ойлонуп көргүлөчү, өзүңүзгө бир аз тентек, ойноок болууга уруксат бересизби? Сиздин кайсы калоололоруңар ишке ашпай калган? Кандай эмоцияларга ата-энеңер тыюу салган?

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт