// //

“Башка түшкөн бир балээ болдуң го!” Балаңарга ушинтип айтасыңарбы? Анда окугула

2020.04.21, 18:00
2461

Ата-энелик директивалар деген эмне? Бул ата-энелер билип билбей баланын мээсине куйган маалымат, багыт, орусча айтканда “установка”, - дейт психолог Эльвира Чокоева. Андай багытты адатта бала менен эң көп убакыт өткөргөн адам берет, апасы, атасы, чоң энеси, таенеси ж.б.

Психологияда мындай багыттардын 12син бөлүп карашат. Ал директивалар биздин турмушубузга таасирин тийгизип, толук кандуу жашоого тоскоолдук жаратат.

Биринчиси “Жашаба!”

“Мен бүт өмүрүмдү сага арнадым”, “Сени багам деп жүрүп, жаштыгым өттү”, “Болбосо, ийгиликтүү бизнесмен, актриса, ырчы ж.б... болот элем”, “Төрөсөмбү же аборт жасасамбы деп көп ойлондум”. Бул фразалар тааныш угулган жокпу? Бул маалыматтын өзү, сен болбогондо мен бактылуу-таалайлуу болмокмун, дегендик.

Ата-эне буларды күнүмдүк жашоодо, жайдары, тамаша аралаш айтышы мүмкүн, кээ бири ачуусу менен.

Ошонусу менен өзүнүн ишке ашпай калган кыялдары үчүн жоопкерчиликти баласынын мойнуна жүктөп жаткандай. Натыйжада, ата-энесинин жашоосу ойдогудай болбой калганына бала өзүн күнөөлөйт.

Бала мээримге бөлөнүп чоңойгондун ордуна, терс эмоцияларды кабыл алуучу бутага айланат. “Башка түшкөн бир балээ болдуң го!”, “Көзүмө көрүнбөй жогол!”, “Мага мындай жаман кыздын кереги жок!”, “Тил албасаң сени милиция байкеге берип салам!” ж.б.

Өзүн-өзү күнөлөө, жемелөө, жерүү сезими кенедейинен калыптанып калат. Өзүн эч нерсеге татыктуу эмесмин деген ой менен чоңоет.

Сөзсүз эле сөз менен эмес, айрым ата-энелер мамилеси менен билдиришет. Эмоционалдык жактан муздак болуп, баланы кийинтип, курсагын тойгузуу жетиштүү деген ойдо болушат. Бүттү, ата-энелик милдетимен кутулдум.

Ушундай дирректива менен өскөн адамдар байкабай түрдүү жаракаттарга туш болуп, травма алышат. Аңдабай, атайылабай өзүн-өзү ичинен талкалагысы келет. Улам-улам жыгылат, бир жерин оорутуп алат, же болбосо ооруп калат. Ошонусу менен өзүнө чоңдордун көңүлүн бургусу келгендей. Мен ооруганда гана мени жакшы көрүшөт, көңүл бурушат, деген ой менен жашайт.

Мындайда психологдин иши кардар менен маектешип, биринчи кезекте балачагындагы ал үчүн баалуу, абройлуу деп саналган адамдан эмоционалдык жактан бөлүнүүсүнө багытталат.

Сизге ушундай сөздөр айтылчу беле? Же балким сиз балдарыңызга ушул сөздөрдү айтасыз?

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт