// //

Жигитим “сенден башка кыз жок бекен, башкасын таап деле үйлөнүп алам” деген

2020.05.15, 11:17
1726

Саламатсызбы. Мен психологдон кеңеш сурайын дегем. Жашым 21де, эки жылдан бери сүйлөшкөн жигитим бар. Экөөбүз көп жолу урушуп, кол үзүшкөнбүз. Анан кайра эле кечирим сурап, мен аны жакшы көргөнүм үчүн кечирип, мамилебизди улантып келебиз.

Жигитим окууну аяктап, чет өлкөгө иштегени кеткен. Быйыл үйлөнөлү деп сунуш айтты. Мен макул болдум, бирок быйыл эмес кийинки жылы деп, көпкө тартышып, кайра уруша кеттик. Акыры “сенден башка кыз жок бекен, башкасын деле таап үйлөнөм” деди. Мен “анда экинчи мага жазба” деп телефонду өчүрүп салгам.

Бирок кайра эле баякы көрүнүш, 3 айдан кийин жазып, телефон чалып, кечирим сурап, “сенден башкасынын кереги жок, башкага үйлөнбөйм, жиним менен сүйлөп жибергем” деп жатат.

Эмне кылышты билбей калдым? Мен аны сүйөм, кечиргим келет. Бирок үйлөнүп калсак, өмүр бою ушинтип жашайбызбы? Кандай кылам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.05.2020, 11:19

Камила Юсупова

Психолог

Саламатсызбы. Жазгандарыңызга караганда, урушуп, талашып-тартышуудан аябай тажаган окшойсуз. Жигитиңизге, анын айткан сөздөрүнө, жасаган мамилесине таарынып жатасыз.

Өзүңүздүн сезимдериңиз жана абалыңыз тууралуу ага айтып бериңиз. Мындай сөздөр катуу тийип, келечектен күмөн жаратып жатканын түшүндүрүңүз.

Бирок, эмне кылыш керек экенин психолог жа башка адам айтып бере албайт. Акыркы чечимди ар дайым адам өзү кабыл алат, жана анын чечимин туура же туура эмес деп, эч ким талдай албайт. Жоопкерчиликтин бардыгы өзүңүздө болот.

Өмүр бою ушинтип жашайбызбы, деп сурап жатасыз. Бул суроого да жоопту сизден мыкты билген адам жок. Башкысы ички туюмуңузду тыңшаңыз. Ал адамдын жанында болгондо өзүңүздү кандай сезесиз, сиз ага ишене аласызбы? Анын жанында жүргөндө өзүңүздү коопсуз сезе аласызбы?

Эсиңизде болсун, өнөктөштөрдүн жашоого болгон көз карашы, принциптери, баалуулуктары бир болгону жакшы. Ошондо алар бирин-бири тез түшүнүп, конфликтерди чечүүгө күч-кубаты жетет.

Эмне кылыш керек, деген суроого өзүңүз жооп издеңиз. Анткени сиздин тагдырыңыз, келечектеги жашооңуз чечилип жатат. Анын кандай боло турганын сиз гана билесиз.

Ийгилик!

Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:

Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?

Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам

Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам

Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт