Алтын тишти алып, ордуна керамика салдырса болобу? Стоматолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын. Менин алтын тишим бар, күлгөндө, сүйлөгөндө билинет, кары көрүнөм. Карантин бүткөндөн кийин керамика салдырсам болобу?
Нуржамал Канатбекова
“Matis” клиникасынын адиси, стоматолог
Саламатчылык. Металдан жасалган конструкцияларга карата каршы көрсөтмөлөр жок. Бирок, эсетикалык жактан керамикалык коронкалар жакшыраак көрүнөт. Эгер алтын тишиңиз алдыңкы жакта болсо анда алмаштырса болот, ал эми азуу тиштериңиз болсо анда көп деле байкалбайт.
Керамикалык тиштин артыкчылыктары:
- эстетикалык жактан табигый жана жагымдуу
- бекем
- ишенимдүү
- туура кам көрүлсө көп жылга жетет
кемчиликтери:
- көбүрөөк нерв алынат (удаление нервов)
- тиштин көбүрөөк бөлүгү өгөлөнөт
Ден соолукта болуңуз!
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Тишке кам көрүу жөнүндо бул жерден да окусаңыз болот:
Баламдын тиши чыкканда эле карарып кетти, эмне үчүн? Стоматолог жооп берет
Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет
Брекет салынган тиштерим кайра кыйшыйып калбайбы? Стоматолог жооп берет
Боюмда бар, тишиме пломба салдырсам болобу? Стоматолог жооп берет