Мени эки жыл мурун зордуктаган адамды сотко бере аламбы?
Саламатсызбы! Менин бир суроом бар болчу жооп алып бере аласызбы?
2018-жылдын август айында зордуктоого кабылгам. Ал адам мени коркутуп, өлтүрөрүн айтып оозумду басып койгон. Азыр ошону сотко бере аламбы? Бул ишти эч кимге билдиргим келбейт. Өз күнөөсүнө жараша жазасын алышын каалайт элем.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте, ар бир күнөөлүү адам өз жазасын алышы керек. Бирок, ортодон убакыттын өткөнү ошол инсандын пайдасына болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө зордуктоо болгондугу боюнча фактыны тактоо аябай эле кыйын. Кылмышка тартуу боюнча мөөнөт өтүп кеткен жок, бирок иштин болгондугун далилдөө боюнча маселе турат. Далилдөө үчүн соттук медициналык экспертиза болушу керек. Сизде дагы башка кандай далилдер бар, айталы, күбөлөр, үн жазуулар, коркутуп жазган каттары деген сыяктуу.
Эч кимге билдирбегиңиз келгенин айтып жатасыз. Бул маселеде, милиция кызматкерлери сизди чакырат, үйүңүзгө соттон кагаз келет. Мындай иштин билинбей калышы татаал болот. Ошондуктан, бул нерсени жакындарыңызга айтып, алар менен чогуу иш алып барсаңыз, бир тараптан сизге колдоо болот. Окуя болгон аймактагы милицияга арыз менен кайрылыңыз.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?