Чоң эжем үй талашып апамды сабап коюптур. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы? Апам бизди жалгыз багып чонойткон. Атам менен 20 жылдан ашты ажырашканына. Эң чоң эжебиз (апамдын улуу кызы) апамдан үйдү талашып, апамды сабап коюптур. Үй апамдын атында. Апам аны балдарынын каршылыгына карабай сатууга укуктуубу? Эжем Россия жарандыгын алып кеткенине 10 жылдай болуп калды. Эми келип апам карып калганда үйдөн кууп жатат. Мыйзам түрүндө кандай чара көрсөк болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Үй апаңыздын атында болсо, андан ал анын жеке менчиги болуп эсептелет. Бул үйдү сатууда же белекке берүүдө балдарынан уруксат албайт, эмне кылууну өзү билет. Кызынын кууганы, зулумдук кылганы боюнча “Үй-бүлөк зордук-зомбулук” деген мыйзамдын негизинде коргоого алынса болот. Тактап айтканда, эгер кызы тынчтык бербей зордук-зомбулук көрсөтүп жатса, жашаган аймактагы милиция бөлүмдөрүнө кайрылып коргоочу ордер алсын.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?