Богок оорусу менен орозо кармаса эч нерсе болбойбу? Эндокринолог жооп берет
Саламатсызбы. Богок оорусу менен ооруган адамга ачка жүрүүгө мүмкүнбү? Тагыраак айтканда, орозо кармаса болобу? Ден соолуккка терс таасири жокпу?
Светлана Коздрович
Эндокринолог
Саламатчылык. Богок безинин оорулары бар болгон учурда эндокринологдор орозо кармоого тыюу салышпайт, анын ден соолукка эч кандай каршы көрсөтмөлөрү жок. Ошондуктан сарысанаа болбостон кармай берсеңиз болот.
Адатта ичеги карын системасында көйгөйү бар адамдарга жана кант диабетинен жабыркагандарга орозо кармоого такыр болбойт.
Ден соолукта болуңуз, орозоңуз кабыл болсун!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Орозого байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Орозо кармасам, түндөсү кызым эмчек эмип алды
Он эки эли ичегимде жара бар экен. Орозо кармасам болобу?
Орозодо эмне кылса болот жана болбойт? Теолог Кадыр Маликов жооп берет