// //

Он эки эли ичегимде жара бар экен. Орозо кармасам болобу?

2020.05.01, 12:42
1494

Саламатсызбы! Мен эки жыл рамазан айында орозо кармагам. Ашказаным ооруганынан гастроэнтерологго көрүнсөм, он эки эли ичегимде жара (язва) бар экен. Эми быйыл орозо кармасам болбу? Негизи эле жара менен орозо кармоого болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.05.2020, 12:44

Кадыр Маликов

Теолог

Эгер орозо кармай алсаңыз жана жара (язва) көйгөй жаратпаса, анда эч кандай тоскоолдук жок. Ал эми дарыгериңиз орозо кармоону сунуштабаса, анда кармабай эле койсоңуз болот, эч кандай күнөө жок. Мисалы, ашказан жарасы бар адам орозо кармап, күндүз ашказаны оорутуп баштаса, ал оозун ачып, орозо кармабай эле койсо болот. Бул жерде жооп дарыгердин айтканына жана ден соолук абалына жараша. Ошол эле учурда, жарасы бар, бирок орозо кармаганда эч кандай оорутуу болбогон учурлар дагы кездешет. Ден соолугуңузга караңыз.

Бул жерден орозо тууралуу маалыматтарды окуй аласыз:

Орозодо эмне кылса болот жана болбойт? Теолог Кадыр Маликов жооп берет

Саарлыкта ооз жаппай калса эмне болот?

Орозо кармагандар үчүн: эмнелерге уруксат берилет жана тыюу салынат

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт