// //

Орозодо эмне кылса болот жана болбойт? Теолог Кадыр Маликов жооп берет

2020.04.24, 10:27
20692

Кыргызстандагы аалымдар кеңешинин мүчөсү, теолог Кадыр Маликов орозо кармагандарга эмнеге уруксат берилип жана эмнеге тыюу салынарын айтып берди. 

- Күндүз орозодо душка түшүп жана шилекейин жутуп алса болобу?

- Ооба болот. Адам орозо кармаганда, күндүз шилекейин жутууга, дааратканага барууга, душка түшүп, жуунуп, бассейнде сүзүп жүрүүгө уруксат берилет. Бирок, бир гана шарт бар, сууну жутуп алуудан абайлашы керек.

- Орозо маалында эмнеге тыюу салынат?

- Орозо учурунда тамак деп эсептелген азыктарды колдонууга тыюу салынат. Ошондой эле, күндүз жакын мамиледе болууга жана тамеки тартууга тыюу салынат. Башкача айтканда, алар орозону бузушу мүмкүн.

- Кан агуу же кусуу орозону бузабы?

- Жок, аны бузбайт. Эгер күндүз орозо кармаган адамдан кан чыгып же тиштери канай баштаса, анда эч кандай кыйынчылык болбойт. Адамдын бузуу ниети болбогон нерселердин бардыгы кечирилет. Кусуу орозону бузуп коюшу мүмкүн, эгер ал атайылап чакырылса жана оозду толтурса. Бирок, кусуу өзүнөн-өзү пайда болсо жана адамда орозону бузуу ниети жок болсо, анда орозо бузулбайт.

- Орозо учурунда тиштерди паста менен жууса болобу?

- Орозодо күндүз тиштерди паста менен жуубай эле койгон жакшы. Себеби тиш паста орозо тутууга тоскоол боло турган айрым ингредиенттерди камтыйт. Эгерде бирөө орозону бузуу максатында эмес, жөн гана тишин тазалай турган болсо, анда бул орозо бузулбайт.

- Адам орозо учурунда ооруп калса эмне болот? Инъекциялар орозону бузабы?

- Ханафий мазхабынын жана башка мазхабдардын чегинде, бүгүнкү реалдуулук өнөкөт эмес илдет менен жабыркаган адамдарды орозо кармоодон чектөө мүмкүн эмес экендигин көрсөттү. Эгер адам дарыланышы керек болсо, бирок орозону кармоону улантууну кааласа, анда эки жол бар. Биринчи вариант - дарыланган күндөрдү өткөрүп жиберүү жана ал күндөрдү орозо айы аяктагандан кийин калыбына келтирүү. Экинчи вариант тамактан өтпөгөн дары-дармектер менен дарыланып жаткандарга ылайыктуу, башкача айтканда, ийне сайынышы керек болгондорго. Ийне сайып, орозо кармаса болот, эгер дарынан курамында витаминдер жок болсо.

Эгер таблетка ичүү керек болсо, ошол күнү орозону токтотуу керек.

- Тишти дарылоо орозону бузабы?

- Жок, бузбайт. Эгер мусулман бейтап тишин дарылоо үчүн тиш доктурга кайрылса, орозо тутууга тоскоол болбойт. Анестезияга жана тишти жулдурууга уруксат берилет. Эң негизгиси, орозо бузулуп калбаш үчүн сууну жутуп албоо керек. Эгерде адам чыдай алса, дарылоону орозо айынын аягына жылдырып койсо жакшы болот. Тиш катуу оорутса гана жол берилет.

- Орозодо эртең менен оозду бекитпей, уктап калса эмне болот?

- Орозо кармоону уланта берүү керек. Сухур - орозо алдындагы таңкы тамак. Сүннөткө ылайык тамакты жеш керек. Атайылап сүннөттөн алыс болуу жакшы эмес. Эгерде адам уктап жатса, анда күнөө болбойт. Рамазан сухурдан жана ифтардан көз каранды эмес, күн чыгыштан күн батышка чейинки күндүзгү убакыт эсепке алынат. Ошондуктан, кимдир бирөө унутуп же уктап калса, ал автоматтык түрдө орозо кармаганды уланта берет.

- Орозо кармаган адам оозу бек экенин унутуп күндүз бир нерсе жеп же ичип алса орозо бузулабы?

- Жок, бузулбайт. Адам унутуп, бир нерсе жесе же ичсе күнөө болбойт. Ал орозо кармаганын уланта берет. Мындай учурларда аны Аллах өзү азыктандырган деп айтылат.

- Орозонун өткөрүп жиберген күндөрүн качан калыбына келтирүү керек?

- Рамазан айын өткөрүп жиберген күндөрдү тезирээк калыбына келтирүү керек. Максималдуу убакыт - бул ошол орозо айынын аягынан кийинки жылдын башына чейинки жыл. Унутчаактыгынан же дагы бир нерседен улам өткөргөн күндөрүн качан калыбына келтирерин ишенимдүү айта албаган адамдар бар. Ошондуктан өткөрүп жиберилген күндөрдү тез арада калыбына келтирүү сунушталат.

Маалымат www.kaktus.media сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт