Орозо кармасам, түндөсү кызым эмчек эмип алды
Саламатсызбы! Менин бир жаш үч айлык кызым бар. Кечээ ооз бекитип жатсам, кызым түндөсү болбой эмчек эмип алды. Орозомду улантып кармай берсем болобу? Орозо кармабай эле кызымды эмизе бергеним туурабы?
Кадыр Маликов
Теолог
Кызыңыз эмчек сурап, сүт талап калса, аны эмизүүгө милдеттүүсүз. Бул учурда орозо кармабайсыз. Эч кандай күнөө болбойт. Кудай кечиримдүү. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, садака төлөп койсоңуз болот. Кош бойлуу, бала эмизген аялдар орозо кармаса болот, эгер ден соолугуна, сүтүнө жана баласына терс таасир бере турган себептер жок болсо. Бул учурда сиз балаңызга карайсыз. Кызыңыз ыйлап, сүт ичкиси келсе, аны эмизгенден кийин, демек, орозо кармабайсыз. Себеби сүт болушу үчүн жакшылап тамактануу керек.
Бул жерден орозо тууралуу маалыматтарды окуй аласыз:
Орозодо эмне кылса болот жана болбойт? Теолог Кадыр Маликов жооп берет
Саарлыкта ооз жаппай калса эмне болот?
Орозо кармагандар үчүн: эмнелерге уруксат берилет жана тыюу салынат