Күйөөм атама телефон чалып мага даттаныптыр, ушунусу туурабы?
Турмушка чыкканыма беш ай болду. Бул убакыттын ичинде күйөөм менен үч жолу катуу урушуп, таарынышып кеттик. Үй-бүлөдө андай уруштар болуп турса керек. Бирок үчүнчү жолу урушканыбызда өзү алып берген телефонду алып койду. Мен ызаланып, атама башка телефон алдыртып аларымды айткам.
Ошентип 4-5 күн сүйлөшкөн эмеспиз. Ал атама чалып, ортобузда болгон урушту айтып, арызданыптыр. Эркек ушундай да болобу? Чечкиндуу болуш керек эле го? Аял башым менен мен даттанган жокмун ата-энеме.
Эмне кылышым керек?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Сиздин катыңызда, таарынычыңыз тоодой экени сезилип турат. Бирок экөөңөрдүн ортонордогу мамилеге эч ким кирип, калыс болуп “сен туура кылдың, а сен туура эмес жасадың”, - деп айтып, бөлүштүрүп бере албайт.
Албетте ар бир үй-бүлөдө конфликттер, түшүнбөстүктөр болот. Бул этаптан ар бир адам өз алдынча өтүүгө тийиш. Конфликтти чечип үйрөнүү келечекте бактылуу жана гармониялуу жашоо үчүн керек. Ансыз эмоционалдык жактан жетилүү мүмкүн эмес. Адам өмүр бою бала бойдон кала берет.
Эмнегедир, экөөнөр тең ортодогу пикир келишпестиктерге үчүн тарапты кошконду туура көрөт экенсиңер. Кааласаңыз психологго кайрылып, келечекте боло турган конфликтерге кандай реакция кылуу керек, бири-бирин менен кандайча тил табышуу керек экенин түшүнүп алсаңар болот. Башкысы ортодо конкуренция болбошу керек.
Ийгилик!
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Мамилелер тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши