Чоң атам үйүнүн документин алалбай жатат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Мен кеңеш сурайын дегем. Ата-энем айылга келип, чоң атам эки бөлмө үй салып, "калганын өзүң бүтүрүп ал" деп атама каттатып бериптир. Айылда турмуш кура албай ата-энем ажырашып, үйдү таштап шаарга баса беришиптир. Көп өтпөй атам ичип кетти. Чоң атам менен чоң апам айылга көчүп барып үйдү бүтүрүп жатканда соттон кагаз келет. Кагазда атамдын үйдү күрөөгө коюп, 3-4 жылдан бери төлөбөй жүргөнү айтылат. Чоң атам ал адам менен соттошуп, 120 000 сом төлөп берди. Эми үйдүн документин сураса, үстүнө 20 000 сом кошуп бер деп бербей жатат. Акчасын бир жыл ичинде ай сайын 10 000 сомдон төлөп кутулган, бул соттун чечими эле. Эмне кылсак болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сурооңузда тактоочу жагдайлар бар экен. Акчанын үстүнө пайыз коюп, күрөөгө алган адам өзү ким? Атайын пайызга акча берип иштеген адамбы? Атайын дегеним, мыйзам чегинде иштеген ломбард же банкпы? Же жөнөкөй эле бир инсанбы? Күрөөгө коюп иштегенде атайын шарттары менен келишимдер түзүлүш керек. Силер күрөө деп айтып жаткан нерселер жөн гана эки адамдын ортосунда акча алып берүү болуп, берки адам күрөөгө алдым деп эле айткан кур сөз эмеспи? Ушул жагдайларды тактагандан кийин толук жооп бере алабыз.
Күрөөгө алганы мыйзамдаштырган болсо, атаңыздын колунда шарттары менен күрөө келишими болуш керек. Бул жерде соттун чечимин дагы карап чыгуу зарыл. Документти бербей жатса, мамлекеттик каттоого кайрылып, чоң атаңыз үйгө болгон документтин көчүрмөсүн сурасын. Бүгүнкү күндө үй күрөөдөбү же жокпу ошол жерден тактап алса болот. Таптакыр документтерди бербей, акча доолап тынчыңыздарды алып жаткан болсо, сотко документтерди алуу жөнүндө кайрылгыла. Болбосо милиция кызматкерине мыйзамсыз акча доолап жатканы боюнча арыз жазгыла.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?