// //

Төрт айлык баламдын заңынын өңү жашыл, коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет

2020.05.09, 13:17
6062

Саламатсызбы. Балам төрт айлык. Сүтүм чыкпагандыктан “Nan” берем. Заңынын өңү жашыл болуп калды. Коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.05.2020, 13:18

Елена Халитова

“Семья и Здоровье” клиникасынын адиси, педиатр

Саламатчылык. Баланын заңынын өңү жашыл болуп калуусунун бир нече себеби бар:

  • Тамактануусуна реакция. Айрым “смесьтердин” курамында темир камтылат.
  • Инфекциялык, вирустук же башка оору. Балким, тубаса патология. Бул абдан коркунучтуу. Мындайда сөзсүз доктурдун консультациясы зарыл.
  • Баланын улам өсүшү менен тамактануусуна жаңы азыктар кошула баштайт. Кандай болбосун затка, анын организми дароо реакция берет.

Эгер баланын ичи оорубаса, ичи өтпөсө, кузбаса, заңында патологиялык аралашмалар (кан, былжырак суюктук) жок болсо, анда “смесь” менен тамактанган баланын заңынын жашыл болушу нормалдуу болуп саналат. Баланын тамак ашты сиңирүү системасы толугу менен калыптанып бүтө элек, ошондуктан “смесьтин” курамындагы заттар, заңдын өңүнө таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан апалар ар дайым баласынын абалын көзөмөлдөп, өзгөрүүлөрдү байкап туруусу керек.

Ал эми бала шалдырап, заңы суюк, көбүк аралыш болсо, дароо педиатрга көрүнгөнүңүз туура болот.

Ден соолукта болгула!

Педиатр Елена Халитованы “Семья и здровье” клиникасынан тапсаңыз болот. Клиниканын телефон номери: 0312 910150

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт