Кызымдын көкүрөгүнүн бири чоң, бири аябай эле кичине, бул нормалдуубу?
Саламатсызбы. Кызым 15 жашта. Көкүрөгүнүн бири чоң, бири аябай эле кичине. Адистерден сурап бериңизчи, эмнеге ушундай болуп калды? Кийин экөө бирдей боолуп кетеби же дарылаш керекпи?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медициналык борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Кызыңызды маммологго көрсөтүп, андан кийин УЗИге түшүрүү зарыл. Эгер эч кандай шишик, без, киста ж.б. аныкталбаса, демек бардыгы жайында. Болгону бул анын анатомиялык өзгөчөлүгү. Убакыттын өтүшү менен көкүрөгүндөгү ассиметрия бир аз азаят, бирок толугу менен бирдей болуп калышы күмөн.
Канткен күндө да доктурга көрүнсүн. Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?