// //

Гипоплазия деген диагноз коюлганда ЭКО жасатса болобу? Гинеколог жооп берет

2020.04.30, 12:56
1518

Турмушка чыкканыма 7 жыл болду, балалуу боло элекпиз. Гинекологдор гипоплазия матки деп диагноз коюшту. Менин суроом мындай диагноз менен ЭКО жасатсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.04.2020, 12:58

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Жатындын гипоплазиясы – бул аялдын жатынынын өнүгүүсүндөгү патология. Башкача айтканда жатындын көлөмү кадимкиден кичирээк болот.

Бул диагноз менен төрөсо болобу же жокпу, ЭКО жасатса бойго бүтөбү деген суроого жоопту сизди толук текшерүүдөн өткөрүп, анализдерин жыйынтыгынан кийин гана алса болот.

Адатта ЭКОну жасатуу феталдык жатын болгондо сунушталат. Ал эми “детская матка”, “подростковая матка” болгон учурда гормоналдык жана физиотерапия өткөрүлөт. Анда жамбаш сөөктө жайгашкан органдарынын кан айлануусу нормага келтирилип, жатынды керектүү көлөмгө чейин чоюууга мүмкүнчүлүк берет.   

Ден соолукта болуңуз.  

Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

ЭКО тууралуу бул жактан окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт