Кызым сегизге чыга элек, бирок төшү өсө баштады, бул нормалдуубу?
Кызым сентябрь айында сегизге чыгат. Кечэ көкүрөгүм ооруп жатат дегенинен карасам, эки жагы тең кичинекей тоголок, бир нерсе тургандай. Кармасам катуу экен.
Эрте эле төшү чыгып атабы,бул нормалдуубу? Карантинде доктурган алып бара албайм. Кыжалат болуп жатам, жооп бериңизчи?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина клиникасынын адиси, маммолог
Саламатчылык. Азыркы муундагы кичинкей кыздардын арасында 7-8 жашынан эле төшу өсө баштаган тенденция бар. Карантин бүткондөн кийин сөзсүз маммологго көрсөтүп коюңуз. Доктур бир сыйра текшертип, УЗИге тарттырып, патологиянын бар-жогун аныктайт.
Кызыңызды чоочутпай акырын түшүндүрүп айтыңыз, бир жерге урунуп, же этин оорутуп албасын.
Ден соолук каалайм!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?