Дарыгер эмне себептен спираль салбай коюшу мүмкүн?
Саламатсызбы! Төрөгөнүмө он ай болду. Бала эмизем. Спираль салдырайын десем, салбай коюшту. Эмне себептен мындай кылышты?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Дарыгер жөн жерден спираль салбай койбойт, жүйөлүү бир себеби болушу мүмкүн. Ошондуктан себебин так билүү керек. Эң эле биринчи себеп бул – жатындын сезгенүүсү. Жатын сезгенген болсо, спираль салганга болбойт. Бул учурда бери жакта турган микробдун баарын ичине түртүп коебуз. Ошондуктан, сезгенүү болбош керек. Дарыгерге көрүнүп, текшерүүдөн өт.
Спираль тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Төрөттөн кийин дароо спираль салдырса болобу? Башка суроолорго да жооп
Спираль салдыргандан кийин жыныс кыны чоңоюп кетиши мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет