// //

Спираль салдыргандан кийин жыныс кыны чоңоюп кетиши мүмкүнбү? Гинекологдун жообу

2019.10.22, 10:11
6718

Саламатсызбы. Менин бир балам бар. Төрөттөн кийин спираль салдыргам. Бирок күйөөм менен кошулганда, сеники чоңоюп кетти деп жатат. Өзүм да акыркы күндөрү ырахат ала албай калдым. Бул мени аябай тынчсыздандырат. Спираль салдыргандан жыныс кыны чоңоюп кетиши мүмкүнбү? Кандай чара көрүшүм керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2019, 10:12

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жок, спираль салдыргандан жыныс кыны чоңоюп кетиши мүмкүн эмес. Төрөттөн кийин ушундай болуп жатса керек. Себеби бала чыгып жаткан учурда жыныс кыны чоюлуп, жамбаш сөөктүн ички булчуңдары айрылышы (разрыв) мүмкүн.

Мындай учурларда компетентүү гинекологго кайрылып, жамбаш сөөк булчуңдарын вагиналдык тренажерлор менен кантип машыктырса болорун сураңыз. Жыныс кынын кууш кылганга жардам берген Кегель көнүгүүлөрүн да жасап көрүңүз.

Андан тышкары жыныс кынын курчап турган булчундарды калыбына келтире турган кошумча ыкмалар да бар. Мисалы: контурдук интимдик пластика, лазеротерапия жана жиптер менен тигүү.

Оперативдик кийлигишүү аркылуу да бул көйгөйдү чечкендер бар. Бирок операция жасатылгандан кийин бардыгы укмуш сонун болот деген ойдон алыс болгула. Себеби мындай операция бардык эле аялдарга жардам бербейт. Айрымдар үчүн тескерисинче зыян келтирет.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт