// //

Төрөттөн кийин дароо спираль салдырса болобу? Жана башка суроолорго жооп

2019.12.26, 14:17
7147

Эне жана баланы коргоо борборунун Төрөт бөлүмүнүн адиси, акушер-гинеколог Бактыкан Алымкулова спираль деген эмне, анын артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Спираль деген эмне?

Жатын көңдөйүнө салына турган спираль, орусча айтканда ВМС (внутриматочная спираль)  - бул контрацептивдик каражат. Спираль пландалбаган кош бойлуулуктун алдын алат.

Ал кандайча иштейт?

Спираль пластинадан турат. Анын курамында жез, күмүш же алтын болот. Бул металдардын бойго бүтүрбөй кое турган касиети (свойство) бар. Башкача айтканда, спираль эркектин уругунун жатынга киришине кыйынчылык жаратат. Аялдын жумуртка безинин өмүрүн кыскартат. Андан кийин сперма менен жумуртка без бириксе, алардын жатынга кирип, чел кабыкка жабышып өсүүсүнө тоскоолдук кылат. Менструалдык цикл учурунда жумуртка клетка да, урук да сыртка чыгып кетет. Этек киринин адаттагыдан көбүрөөк келиши ушундан.

Спиралдын канча түрү болот?

Алар тегерек, шакек формасында, “Ф” тамгасы формасында жана “Т” формасында деп бөлүнөт. Кыргызстандагы гинекологдордун көбү “Т” формасындагы спиралды колдонушат. Анткени ал гуманитардык жардам катары келет. Биз спиралды акысыз коюп беребиз.

Спираль салдырса 100% бойго бүтпөйбү?

Спиралдын эффективдүүлүгү 99%. Маселен, 100 аял спираль салдырса, анын ичинен бирөөсүнүн боюна бүтүп калышы мүмкүн.

Спиралдын артыкчылыктары жана кемчиликтери?

Артыкчылыгы – аялдын жатынынын көңдөйүнө салынат. Ошондуктан дары ичпей калдым, же убактысын өткөрүп жибердим деп сарысанаа болбойт.

Кемчилиги – аялдын этек кирин 1-2 күнгө узартат.

Спиралдын мөөнөтү канча?

Мөөнөтү 5 жыл. Эгер спираль салдырган аялдын ден соолугу жакшы болуп, эч нерсе тынчын албаса 5 жылга чейин жүрө берсе болот. Бирок бул башка оорулардан сактабайт. Спираль салдырып алган күндө да маал-маалы менен гинекологго көрүнүп туруу зарыл.

Кандай учурда спиралды такыр колдонгон болбойт?

Жатында же жатын моюнчасында залалдуу шишик болсо, рак оорусу аныкталса, жыныстык оорулар менен ооруса жана алар курч формада өтүп жатса спираль салдырган болбойт.

Спиралды төрөгөндөн кийин дароо салдырса болобу?

Ооба болот. Биз келиндерге төрөгөндөн кийин 2 сааттын ичинде же болбосо 24-48 сааттын ичинде спираль салып берүүну сунуштайбыз. Кесердик кесүү аркылуу төрөгөн аялдар да операция бүтөөрү менен салдырып алышса болот. Мунун бардыгы алдын ала сүйлөшүлүп, аялдын өзү менен макулдашылат.

Көбүнчө көп балалуу же болбосо ден соолугуна байланыштуу төрөгөнгө болбойт деген келиндерге сунуштайбыз.

Бардыгын түшүндүрүп айтып беребиз. Салынган спиралдын номери да болот. Төрөт үйүнөн чыккандан кийин 1-2 айдын ичинде жашаган жерине караштуу поликлиникага барып, гинекологго көрүнүп коюу зарыл.

Спираль салдыргандан кийин төрөй албай калат деген чынбы?

Жок, мынтип айтууга эч кандай негиз жок. Жатын көңдөйүнөн спираль алынып салынары менен аялдын репродуктивдик - бала төрөө функциясы кайтып келет.

Төрөй элек аялдарга деле салдырууга уруксат берилет. Бир гана шарты, 20 жашка чейинки кыздарга спираль салдырган болбойт. Себеби бул жашка чейин алардын организми толук калыптана элек.

Мен бардык аялдарга кайрылып айткым келет. Өз ден соолугуңарга кам көргүлө. Интернеттен эле көрүп, окуп ошого канааттанып жүрө бербей гинеколог менен бетме-бет көрүшүп, сүйлөшүп, ар дайым көзөмөлүндө болуп тургула.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт