Кош бойлуумун, ичим түйүлүп, баланын кыймылы аз. Бул нормалдуу көрүнүшпү?
22 жумалык боюмда бар. Ичим түйүлүп, баланын кыймылы аз. Больницага барсам, баары жакшы деп койду.
Бул экинчи кош бойлуулугум, биринчисинде беш айлык кезинде түшүп калган. Дарылангандан кийин экинчиси боюма бүттү. Башында көп кыймылдачу эле, эми аябай эле аз. Менин санаам тынч эмес. Бул нормалдуу көрүнүшпү?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Жазып жаткандарыңызга караганда бойдон түшүп калуу коркунучу бар. Мындайда башкы талаптар физикалык жумуш аткарбаңыз, жыныстык катнашка барууга такыр болбойт. Гинекологго көрүнсөңүз атайын свеча жана витамин жазып берет. Сөзсүз доктурдун көзөмөлүндө болуңуз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка