Төрөттөн кийин дароо спираль салдыргам, сары суу келип жатат бул нормалдуубу?
Саламатсызбы. 27-февралда төрөгөм, дарыгерлердин кеңеши менен баланын тону түшөөр замат спираль салып беришти. Андан бери 45 күн өттү. Дагы деле саргыч, жыты бар суу келип жатат. Карантинге байланыштуу дарыгерге көрүнө албаймын. Бул нормалдуу процесспи же дарыгерге көрүнүү зарылбы?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатсызбы. Сизге төрөттөн кийин дароо жатын ичине салынуучу спираль салыныптыр. 45 күнгө чейин суюктук келип жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир жагынан бул төрөттөн кийин 40 күн келе турган лохии + дененин ичине башка буюм орнотулду.
Төрөттөн кийин кандын көп келиши - лохии деп аталат. Бул нормалдуу физиологиялык процесс. Лохии аялдын организмин, жатын көндөйүн тазалайт.
Албетте колдон келсе, гинекологго көрүнуп, УЗИге түшүп койгонуңуз ашыкчы болбойт. УЗИден спиралдын жайгашуусу, жанына кан уюп калбаптырбы ж.б. текшерилет.
Үй-бүлөлүк медицина борборлору мурунку эле тартипте иштеп жатышат. Телефон аркылуу тактап, көрүнүп келсениз болот.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Спираль тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Төрөттөн кийин дароо спираль салдырса болобу? Башка суроолорго да жооп
Спираль салдыргандан кийин жыныс кыны чоңоюп кетиши мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет
Спираль салдырган күндө да бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?