Брекет салдырганыма бир жыл болду, бирок натыйжа жок. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Брекет маселеси боюнча жазып жатам. Койдуртканыма бир жыл болду, бирок эч кандай натыйжа жок. 40 000 сом деп келишкенбиз анын 35 000ин төлөдүм.
Эми кандай кылсам болот? Акчамдын жарымын болсо да алууга мүмкүнбү? Эгер болбосо, эмнеге кепилдик беришет? Мен ушинтип чыгым тартып каламынбы? Ортодо “договорный лист бар”.
Нуржамал Канатбекова
“Matis Dent” клиникасынын адиси, стоматолог
Саламатчылык. Ушундай ситуацияга туш болуп калганыңыз өкүнүчтүү. Сиздин сурооңузга бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Анткени брекет салынгандан кийинки натыйжа бир нече факторлордон көз каранды. Мисалы, бейтаптын жаш курагы, оңдоло турган тиштердин аномалиясы, жалпы эле ден соолуктун абалы, физиологиялык өзгөчөлүктөрү ж.б.
Айрымдардыкы алты айдан кийин эле кадимкидей тиши түзөлүп калат, ал эми кээ бирлери 2-3 жыл брекет менен жүрүүгө аргасыз болушат.
Андан тышкары тиштериңизде кандай өзгөрүүлөр болгонун рентгенге тартып так аныктаса болот. Бир жыл мурунку рентген менен азыркы учурдагыны тарттырып, салыштыруу зарыл.
Брекет тагынууда жалаң эле дарылап жаткан доктурдун эмгеги жетишсиз. Бейтап өзү да бардык рекомендацияларды сактап, тишине кам көрүүсү керек.
Акчаны кайтарып алгыңыз келип жатса, колуңузда бардык документтер жана кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим болууга тийиш. Буга чейин стоматологдун кетирген материалдары, анын эмгеги, ар бир визиттин акысы эсептелинет. Андан калган сумманы кайтарып берүүсүн талап кылсаңыз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Тишке кам көрүу жөнүндо бул жерден да окусаңыз болот:
Баламдын тиши чыкканда эле карарып кетти, эмне үчүн? Стоматолог жооп берет
Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет
Брекет салынган тиштерим кайра кыйшыйып калбайбы? Стоматолог жооп берет
Боюмда бар, тишиме пломба салдырсам болобу? Стоматолог жооп берет