12 жаштагы кызымдын бетине безеткилер чыгып кетти. Эмне кылсак болот?
Кызым 12 жашта, 6-класс окуйт. Бетине, эки кашынын ортосуна, чекесине безеткилер чыгып кетти, териси майлуу. Карантин учурунда лимон, жумуртка, кефир менен “маска” жасаса болобу? Бетине зыяны тийбейби?
Асель Алымбаева
Косметолог
12 жаштагы баланын терисине өтө этият мамиле кылуу керек. Кызыңыз али бала, териси жука, назик. Мындайда косметолог да ашыкча кийлигишпөөсү зарыл.
Чынында, мен үй шартындагы процедураларды жасоого каршымын. Анткени кайсыдыр бир продукт, аллерген болуп, келечекте чоң көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Менин сизге сунушум, азырынча дарыканадан кызыңызга майлуу тери үчүн (для жирной кожи) бетти жуучу гель менен тоник алып бериңиз. Күнүнө эки маал эртең менен анан кечинде жуунуп, бетин сүйкөп турсун. Бул каражаттар эффективдүүрөөк анан коопсуз. Учурда бардык аптекалар иштеп жатат. Ошондуктан сатып алуу жагынан көйгөй жаралбаса керек.
Карантин бүткөндөн кийин сөзсуз дерматологго, косметологго кайрылыңыз.
Кызыңыз ден соолукта болсун.
Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бет терисине кам көрүү жөнүндө бул жерден дагы окусаңыз болот:
Бетиме "детский крем" колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет
"Угрини" самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет