Кош бойлуумун, бетиме “угрилер” чыгып кетти. Эмнеге мындай болду?
Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 5,5 ай болуп калды. Эмнегедир бетимдин териси аябай бузулуп, “угри” чыгып жатат. Төрөгөндөн кийин өзү жоголобу же алдын алуу керекпи?
Асель Алымбаева
Косметолог
Саламатчылык. Бетиңизде безеткинин пайда болушуна организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөр, ичеги-карын системасындагы өзгөрүүлөр, же болбосо стресс себепкер болушу мүмкүн.
Албетте, төрөттөн кийин гормоналдык фон өз калыбына келет. Бирок, ага чейин организмге жана териге кам көрүп, туура тамактанып колдоо көрсөтүп туруу керек.
Таттуу, туздуу, майлуу тамактардан баш тартыңыз, газдалган суусундукту да такыр ичпеңиз. Бетиңизге тактарды кетирүүчү атайын крем, лосьон гелдерди колдонуңуз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Косметолог Асель Алымбаеваны инстаграмдагы @alymb_asel_cosmet баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бет терисине кам көрүү жөнүндө бул жерден дагы окусаңыз болот:
Бетиме "детский крем" колдоно берсем болобу? Косметолог жооп берет
"Угрини" самын менен жууп кетирип жатам, бул туурабы? Косметолог жооп берет
Пайдалуу кеңеш: Бал кошулган маскалар бет терисин жашартат