// //

Күйөөм "кукси ичпейсиң" деп балконго сүйрөп чыгып сабады

2020.04.13, 13:00
4668

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында, сүйгөнүнө өчөшүп, ала качып кеткен жигиттин үйүндө отуруп калганы айтылат.

"Балконго сүйрөп чыгып сабады"

Сиңдилериме үлгүлүү эже болгум келген. Эми минтип ажырашып, эки баламды ээрчитип ата-энемдин жанына келдим.  

Универстетте окуп жүргөндө бир жигитке катуу ашык болдум. Экөөбүз аз эле сүйлөштүк, баарына намыскөйлүгүбүз себепкер. Бир күнү катуу урушуп кеттик. Башкага үйлөнөөрүн айтып, социалдык тармактагы баракчаларына бир кыздын сүрөтүн коюп алды. Ага өчөшүп андан биринчи күйөөгө тиймекчи болдум. Ошол маалда өзүмдөн алты жаш жигит ала качып кетти. Отуруп калдым.

Чогуу жашаган күндөн тартып анын терс сапаттары байкала баштады.

Айылда эки жума жашап, шаарга келдик. Күйөөм Россияга кетти, окуумду бүтүрүп артынан бардым. Боюмда бар экенин билдим. Бир батирде толтура киши жашайт элек. Куксиге аябай талгак болдум. Бир күнү ашканада аны ичип отурсам, күйөөм келип, “ичпейсиң” деди. Макул болбой койсом, алып туруп таштандыга ыргытып салды. Ыйлагым келип, бөлмөмө баратсам, көп элдин алдында “отур бул жакка” деди. Укпай кирип кетсем, аркаман келип, балконго сүйрөп барып, “эмнеге мени укпайсың” деп сабады. Ошондо кетип калбаганыма аябай өкүндүм.

“Ичиңдеги бала менен иштей албайсың” деп айылга апасынын жанына жөнөттү. Колуман баары келет. Ошондо дагы кайын энеме жакпадым, ар дайым мени кемсинтип сүйлөйт эле. Ата-энемдикине же той-топурга жибербейт. Күнөөнүн баары өзүмдө экенин, мындай жашоодо жашагым келбегенин түшүнүп эле жүрдүм, бирок дагы боюмда бар экенимди билдим.

Турмуш курганыбызга алты жыл болсо, ошонун жети айын гана чогуу жашадык. Себеби күйөөм талаалап эле жүрчү.

Кайын энем дагы уулуна башканы алып бергиси келгенин айтып, “көзүн жалтыратып сени ээрчитип келди” деп көп сүйлөнөт. Кээде түз эле “кетип калчы” дейт. Булардын баарын уга берип стресс болдум, ооруп кыйналдым. Бирөөсү дагы дарыгерге көрсөтөйүн деген жок. Күйөөм колдогондун ордуна “ооруй берет экенсиң” деди. Эч ким жокто эки баламды алып кетип калдым.

Балдарды бала бакчага берип, жумушка орноштум. Эркек дегенден катуу көңүлүм калды. Эч кимге ишенбейм, ойлорум чачыранды. Жакшы апа болгум келет, бирок нерв болуп балдарыман чыгарам. Ата-энемдин үйүнөн кысынам. Алар мени күнөөлөп жаткандай сезилет. Ичимден сыгылып ыйлайм.

Мага тийишип сөз айткан жигиттерге аябай ачуум келет.

Кантип жашоомду жөнгө салам? Туугандар чогулган жерге баргандан тартынам. Балдарды атасы менен сүйлөштүргөнгө аракет кылам, бирок күйөөмө кайтып баргым келбейт. Өзү дагы аркаман келген жок. Аны жек көрөм, колу тийгени үчүн кечире албайм. Бирок, ата-энем “балдарың үчүн жашайсың” дешет. Алар чындыкты билбейт. Баарын айтып жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Эч кимге ичимдеги сырымды айта албайм.

Адис кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Катыңызды окуп бүтүп, менде ар кандай сезимдер пайда болду. Акылыма эң биринчи келген нерсе – сиз өтө чыдамкай жана көтөрүмдүү экенсиз. Ооруга чалдыгып, жашооңуз ушундай нукка бурулганы таң калаарлык эмес, анткени сиз ал адамды сүйбөй турмушка чыккансыз. Азыр дагы сүйбөй туруп, балдар үчүн кайра ал үй-бүлөгө барууну каалап жатасыз.

Чыдамкай экениңизге карабай, кетип калсаңыз, демек, чындап эле сизге өтө оор болгон. Сиз али жашсыз, апасыз жана сизди сүйгөн, жана кандай болсоңуз ошондой кабыл алган адамга турмушка чыгып бактылуу болууга укугуңуз бар.

Нерв жактан ооруп жатканыңызды айттыңыз. Мындай чоң стресстен кийин сөзсүз психиатрга, неврологго барып, психолог менен кошумча иштешиңиз, ден соолугуңуз менен алктениңиз.

Жаратты айыктыруу үчүн убакыт керек.

Жакшы адамдар же ажырашкан курбуларыңыз бар болсо алар менен сүйлөшүңүз. Азыркы абалыңыз менен мурунку жашооңузга кайтып барбаңыз. Ал жакта сиз жыргаган эмессиз, анан кайра кайтып баруунун мааниси жок. Өзүңүздү жаман сезгенден, балдарыңыздын дагы ден соолугу көз каранды. Өзүңүзгө келип, жараттар айыкканда гана үй-бүлөлүк жашоо тууралуу чечим кабыл аласыз. Азыр сизге туура тамактануу, тынчтык жана жакшы сөз гана керек.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жеңем “дагы экини төрөсөм, бул үйдү мен башкарам” деп күбүрөнүп жатыптыр

Атамдын туугандарынын айынан варенье менен кайнак суу ичип калганбыз

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт