// //

Кыздык белги маанилүү эмес дедим. Сүйгөнү 13 жашында зордукталган жигиттин каты

2020.04.02, 12:17
3301

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга жаш жигит кат жөнөтүп, сүйлөшкөн кызынын башынан өткөргөндөрүн баяндап берди. Анын айткандарына караганда кызын 13 жашында зордуктап кетишкен.

“Кеңешиңерге муктажмын” деп сөзүн башаган жигит буларга токтолду.

Бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм. Ал 15те. Бир күнү кыздык белгиси жок экенин, мындан эки жыл мурун өзүнөн 3-4 жаш улуу бала зордуктап койгонун айтты. Кармана албай, өзүн жемелеп, жашоосу бузулганын айтып ыйлап кирди. Эң негизгиси кыздык белги эмес деп колдоп жатам."

Катта сүйлөшкөн кызынын ата-энеси менен болгон мамилеси начар экени айтылат. Ошондой эле, кыз бул окуя тууралуу апасына айткандан тартынат экен.

Ата-энеси кичине чагында ажырашып кетиптир. Апасы көп убакыт жумушта болгондуктан, экөөнүн ортосундагы мамиле анча эмес. Зордуктаган бала, “туугандарына айтам” деп коркутуп коюптур. Сүйлөшкөн кызым ошол бойдон эч кимге үн катпай жүрө бериптир. Ата-энесине билдирбей бул ишке кылмыш ишин козгосо болобу? Анткени ал туугандарынан ажырап каламбы деп коркот. Мен эмне кылышым керек?

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов кылмышкерди жоопко тартса болоорун белгиледи.

- Мындай кылмыш иштеринде анонимдүүлүк болбойт. Анткени, кыздын жашы жете элек болгондуктан, анын мыйзамдуу өкүлү, тактап айтканда апасы дагы тартылат. Туугандарына билдирбей койсо болот, бирок апасына ачык айтуу керек. Бизде күбөлөрдү коргоо мыйзамы бар. Эгер кызга кылмыш жасаган адам жактан коркунуч туулса, анда ал арыз жазып, ошол мыйзамдын негизинде коргоого алынат.

Кылмыш ишин козгоого токтолсок. Жабырлануучунун кыздык белгиси жок экендиги тууралуу далилдер кандай тартипте аныктала турганын тергөө органдары чечет. Ортодон бир аз убакыт өткөндүгү кылмыш кылган адамдын пайдасына жүрүп калышы мүмкүн. Анткени кылмыштын белгилери жоголуп кеткен. Так ошол бала кылгандыгын аныктоо бир аз кыйынга турат. Бирок, ал адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мөөнөт бүтө элек. Андыктан, тезинен арыз жазып укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл.

Психолог Периза Асылбаева сексуалдык зомбулук өтө оор кылмыштардын бирине кирерин, бул кылмыш жабырланучуунун өмүрүнө, кадыр-баркына, ден соолугуна  терс таасирин калтырып, жашы жетелек балдарга өзгөчө зыян экенин билдирди. 

- Зордуктоо учурунда жабырланучуу адам катуу стресске кабылат. Стресс учурунда адам туура чечим чыгаралбайт, анткени мээ толугу менен реакция берүүгө даярдыгы жок болот. Качан окуя, кырсык өткөндөн кийин, зомбулуктан жабыркаган адам эмне болгонун ойлоно баштайт дагы, анан терс, жалган ойлорго кабылат. Мисалы, «Мен эмнеге каршылык көргөзгөн жокмун?! Эмнеге мени менен ушул окуя болду?! Мен өзүм күнөөлүмүн», -деп өзүн күнөөлөп, өзүнө гана ачууланып баштайт.  Жаш балдар, курактык өзгөчөлүгүнө байланыштуу, толугу менен түшүнбөй да калышы мүмкүн. Зөөкүрлөр ошондон пайдаланып, коркутушуп, жазадан качышат.

Психологдун айтымында кичине кезинде зордуктоого кабылган кыз же бала, кийин эси жетип,  түшүнүп калганда, кайрадан психикалык жаракат алышы мүмкүн. Анткени өткөн кырдаалдын кесепетин эми түшүнүп, кайрадан болуп өткөн окуяны эстеп, өзүнө болгон ишеними, баалоосу төмөндөп, чүнчүп кетет.

- Биринчиден сүйлөшкөн кызыңыздын көйгөйүн угуп, туура түшүнүп, кеңеш издегеңиз эң туура. Эми ал кызга өзүн күнөөлөгөн, жалган ойлору менен иштеш керек. «Бул кылмыш! Сага кол салган киши, кылмышкер деп эсептелет! Сен жабыркап калган тарапсың. Зомбулук болгонго зөөкүр жоопкерчиликтүү»,-деп, ишенимдүү тон менен айтсаңар болот. Экинчиден, ал кызга ачуулануусун чыгарганга жардам бергиле. Мисалы, ичинде болгон ойлору жана жинденүүсү менен зөөкүргө кат жазсын. Анан ал катты тытып, тепселеп, өрттөп салса бир аз жеңилдей түшөт. Үчүнчү кеңеш, өзүнө болгон ишенимин жогорулата турган сөздөрду айтып туруңуз. Мисалы, «Сен бактылуу болууга татыктуусуң! Сенин адамдык сапаттарың мен үчүн баалуу», деп айтсаңыз, сүйлөшкөн кызыңыз өзүнүн кадыр-баркын түшүнө баштайт, кайрадан өзүн сыйлап, ишеним сезиминин жогорулашына шарт түзүлөт.

Сөзүнүн аягында Перизат айым кызга кесипкөй жардам керек экенин, анткени психолог бир топ сеанс аркылуу реабилитация боло турганын айтып, эгер адис менен түз иштешүүгө шарты жок болсо, 111 ишеним телефонуна чалса болоорун кошумчалады.  

- 111 ишеним телефонго чалуу акысыз. Анан дагы эң жакшы реабилитациянын бири - бул кылмышкерди мыйзам түрүндө жазалоо. Ал үчүн юристке кайрылуу зарыл. Убакыт өтсө дагы, психологдун экспертизасы менен зомбулукту аныктоо  жана далилдөө үчүн кайрылса болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт