Италия сөөк койгонго жер калбай калды. Коронавирус дүйнөдө
Дүйнөдө эмне болуп жатат? Коронавирус тууралуу кызыктуу фактылар жана статистикалар.
Маалыматтарды тез арада жаңыртып турган Джон Хопкинс институтунун билдирүүсүнө ылайык, 27-мартка карата дүйнөдө 532 253 адам коронавируска чалдыккан.
***
Кыргызстанда 44, Казакстанда 113, Россияда 840 адам вирус жуктурду.
***
Тажикстанда жана Түркмөнстанда вирус жуктуруп алган расмий учурлар каттала элек. Бирок Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги чет өлкөдөн келген жарандарды карантинге алууда чоң кыйынчылыктарга туш болууда.
***
Коронавирустун эпицентрине айланган Кытайдын Ухань шаары кадимки жашоого кайта баштады.
Ухань шаарында 8-апрелде карантин токтотулат: кирүүгө жана чыгууга уруксат берилет, бирок билим берүү мекемелери дагы эле жабык бойдон калат.
***
Америка Кошмо Штаттарында жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга келип түшкөн өтүнмөлөрдүн саны рекорддук көрсөткүчкө жетти - жумасына 300 миңден үч миллионго чейин. АКШнын сенаты өлкөнүн экономикасын колдоо үчүн эки триллион доллар бөлүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул Америка тарыхындагы эң ири өкмөттүк жардам пакети. АКШдагы ар бир чоң кишиге 1200 доллардан бир жолку жардам берилет.
***
Италияда коронавирустан каза тапкандардын саны 8215ке жетти. Мамлекетте сөөктөрдү койгонго жер тартыш болуп жатат, бийлик эмне кылышты билбей калды.
***
Испаниянын парламенти өлкөдөгү карантин режимин дагы эки жумага узартты. Премьер-министрдин орун басары да COVID-19 вирусун жугузуп алганын билдирди.
***
“Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттердин лидерлери пандемиядан жабыркаган бардык өлкөлөргө коронавируска каршы күрөшүү үчүн беш триллион доллар бөлүп берүүнү убада кылышты. Биринчи кезекте, алар саламаттыкты сактоо системасы өнүкпөгөн өлкөлөргө, айрыкча арал мамлекеттерине жардам берет.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Коронавирус оорулуунун заңы аркылуу жугабы? Көп берилген 7 суроого жооп
Карантин сактабасак, коронавирус заматта жайылат, Түштүк Кореянын мисалы
Эшикке чыкса болобу? Өзгөчө абалда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери