// //

Мага куда түшүп келген адамдардын бут кийимдерине суу куюп чыккам

2020.03.24, 14:33
4165

Түн. Жанымда күйөөм менен балам бышылдап уктап жатат. Кээде ушинтип ойгонуп алып аларды карап жата берем. Бир туруп балкып турган бактыма ишенбей кетем. Жоготуп алуудан корком. Түшүм болуп калбаса экен дейм.

Бой тартып чоңоё баштагандан бери жуучулар көбөйдү. Көчөдө жөн баса албайм. Туугандар менден башка темада сүйлөшпөй калышкан. “Мага күйөөңөрдү айтпагылачы” десем, “ай, кой антпе, кыздын барар жери күйөө”,-деп баары жабалакташат.

Менин шаарга барып билим алгым келгени менен эч кимдин иши жок.

Кырк күнгө созулган кыш чилде түшкөн маал эле. 10-классмын. Сабактан келсем үйдө бут кийимдер толтура. Конок келип калганбы деп бейкапар төркү бөлмөгө бардым.

“Ушул кызбы?”,-деп, үй жылуу болсо да топучан отурган эки аял сынай карашты. Түшүнгөн жокмун. Дагы үч кемпир, бир чал, алардын ортосунда толмоч, сапсары, чачы, сакалы өскөн, бети сепкил бир жигит отурат.

Апам чай демдеп кел, деп чайнекти берди.

- Кызыбыз али жаш, мектепти бүтө элек.

- Эч нерсе эмес, окуусун бүтүрө берет.

- Уулуңар дагы бир топ жаш улуу экен.

- Ай, болгону тогуз жаш. Илгери ушинтип эле жашап келишкен.

- Кайдан болом дедиңер? Кызыбыз тууралуу кимден уктуңар?

- Салкынайдын кошунасыбыз. 

Ушундай жиним келди. Демдеп келаткан чайымды сыртка алып чыгып чачып жибердим. Ачуум менен кирип келатып, бирөөсүнүн бут кийимине чалынып кеттим. Башыма сонун бир ой келди. Бардык кудалардын ботинкелерине суу куюп чыктым. Тигилер чай ичип чыккыча, жанагы суу муз болуп тоңуп калды.

“Иий, ботом муну ким кылды?”, “Кандай акмактык?”, “Кантип үйгө кетебиз?”. Ызылдап эле жатып калышты. Жанагы мени алмакчы болгон сары жигит, музду талкаламакчы болуп көлөшүн жерге чапкылып кирди. “Мен!”. Бурчта чака көтөрүп турган мени көрүп баары токтоп калышты.

Унчукпай апам алып чыгып берген бут кийимдерди кийип, өздөрүнүкүн пакетине салып чыгып кетишти. Ошону менен келишкен жок. Эртеси айылга кабар таркап, куда түшүп, жуучу жөнөткөндөрдүн аягы суюлду. Эх, кийинкиге дагы сонун идеяларды камдап койдум эле.

Окуумду бүтүп шаарга жөнөдүм. Билим алып, кыялымдагы кесиптин ээси болдум. Көңүлүмө төп келген жигитке жолуктум. Үй-бүлө курдук. Эми минтип бактылуу жубай жана энемин. “Антпесең деле сени бербейт элек”,-деп айылга барган сайын апам ушул окуяны эстеп күлүп калат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурдубузду чүйрүп эжемди колунда жок жездеме ыраа көргөн эмеспиз

Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

Кайын энем “мага кызмат кылганы келдиң беле” деп урушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт