// //

Спираль суук тартат деген чынбы? Гинеколог жооп берет

2020.03.09, 10:07
4434

Саламатсызбы. Менин суроом гинекологго. Эки кызым бар, жакында күйөөмдүн артынан Россияга кетем. Өзүм суук жанмын, бөйрөгүм ооруйт. Спираль суук тартат деп коюшат экен, салдысам болобу? Бөйрөгүмө терс таасирин тийгизип койбойбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2020, 10:08

Раушан Джумагылова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Спираль салдырса болот, эгер жамбаш сөөк тараптагы органдарда сезгенүү (воспалительный) процесстери жок болсо. Алар: миома, жатын моюнчасынын эрозиясы, түрдүү “выделениелер”, узак жана көп көлөмдө келе турган этек кири.

Спираль салдыруунун терс жактарына төмөнкүлөрдү киргизсек болот:

  • этек кирининин бир-эки күнгө узарышы,
  • кандын көлөмүнүн көбөйүшү,
  • этек кири учурунда ооруксунуу ж.б.

Спираль суук тартат дегенден алысмын. Аны салдырганда алгачкы 2-3 күн гана ыңгайсыздык, дискомфорт болот. Калган мезгилде кадимки эле тиричилигиңизди уланта бересиз. Эгер спираль жакшы салынган болсо, анын бар-жогу сизге билинбейт. Бирок ар бир адамдын организми индивидуалдуу экенин да эске алуу керек.

Ал эми бөйрөгүңүз ооруса спираль салдыруу болобу же жокпу деген сурооңузга бир беткей жооп берүү кыйын. Ошондуктан сизди дарылаган гинеколог менен кеңешип көрүңүз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп

Спираль тууралуу дагы маалыматты бул жактан окусаңыз болот.

Төрөттөн кийин дароо спираль салдырса болобу? Спираль тууралуу башка суроолорго жооптор

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
11.03.2020, 23:33

Саламатсыздарбы,менин суроом томондогучо.Торогонумо 12 кун болду,5-6 кун жакшы эле жургонмун (сонку толгоону эсепке албаганда),бирок азыр астым жана артым кычышып жатат. Тез-тез чайканып,гигиенаны сактап эле жатам,синафлан колдонуп коюп жатам,бирок ал да жардам бербей жатат. Эмне кылсам болот,кандай свечилерди сунуштайсыздар? Запорго эмне сунуштайсыздар? Алдын ала рахмаат. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт