П. Коэльо: “Кээде бир кадам артка чегинүү керек, ким сен тарапта экенин билесиң”
Пауло Коэльо – бразилиялык прозаик жана акын. Жалпысынан 20дан ашык китеп чыгарган. Анын атын дүйнөгө тааныткан “Алхимик” чыгармасы 80 тилге которулган жана узак мезгилге чейин мыкты бестселлерлердин катарына кирген. Билимдүү, интеллигенттүү ошол эле учурда эрежелерге баш ийбеген Паулонун цитаталарын окуп көрүңүз.
- “Кичинекей бала чоң кишиге үч нерсени үйрөтө алат: эч бир себепсиз эле маанайын көтөрө алат, ар дайым бир нерсе менен алек болуп жүргөн болот, өзү каалаган нерсесин кандай жол менен болсо да жете билет”.
- “Адам өз жашоосуна моюн сунбайт, ал өз тагдырын тандайт”.
- “Эгер сен өзүңдүн өмүрүң үчүн өтө баалуу бир нерсе тапсаң, бул сен үчүн кымбат болгон башка нерселерден баш тартышың керек дегендик эмес”.
- “Жоготуп алуудан корко берип, канча нерседен кур калып жатканыбыз менен ишибиз жок”.
- “Бирөөгө ыңгайсыздык жаратып жатам деп ойлогонуңду токтот! Эгер кимдир бирөөгө жакпай турса ал өзү айтат. А эгер айтууга эрки жетпей жатса, бул анын жеке көйгөйү”.
- “Биз адатта алыстан келген нерсени баалайбыз, эмнегедир, бизди курчап турган кооздуктарга маани бербейбиз”.
- “Катардагы кадимки киши гана өзүнө-өзү ишенимдүү жүрөт. Тобокелчиликке баргыла, жан дүйнөң каалап турган нерсени жасагыла. Жаңылып, адашкандан коркпогон адамдар менен дос болгула”.
- “Убактыңарды актанууга коротпогула: сизди угуп жаткан киши өзү каалаган нерсени гана угат”.
- “Эң коркунучтуу курал - бул сөз. Бир тамчы кан төкпөй туруп адамдын тагдырын талкалайт, бирок из калтырбайт. Андан кийинки жарат эч качан айыкпайт”.
- “Кээде чуркашың керек, ошондо сени ким ээрчий турганын көрө аласың. Кээде акырын сүйлөшүң керек, ошондо үнүңдү тыңшап отурган адамды байкайсың. Кээде бир кадам артка чегинүү керек, ошондо ким сен тарапта экенин билесиң”.
Моника Беллуччи: Сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн
Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүмдү өбүү үчун керек экенин кийин түшүндүм
Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратысың
Илон Маск: Көл жээкте эс алып жатууга рагасыз болсом, наркоман болуп кетмекмин
Мерилин Монро: Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин
Аялың жаркырап турса үйүң да жарык, кабагы түйүлүп турса караңгы түн түшөт