Илон Маск: Көл жээкте эс алып жатууга аргасыз болсом, наркоман болуп кетмекмин
2019.04.12, 18:20
2086
Илон Маск космоско учуучу кемелерди курган SpaceX компаниясын негиздеген. Анын айтканына караганда келечекте компания жарандык космонавтика менен алектенет. Bilesinbi.kg атактуу миллиардер, гений жана филантроптун цитаталарын окуп көрүңүз.
- Мыкты компанияны жаратуу даамдуу пирог жасаганга тете. Болгону, туура ингридиенттер тиешелүү көлөмдө керектелет.
- Оор жумушту ишке ашыруу үчүн көп кишини жумушка жалдоонун зарылчылыгы жок. Жумушчулардын көптүгү эч качан таланттын ордун баса албайт. Эч нерсе билбеген эки кишинин эч нерсе билбеген бир кишиден эмнеси артык?
- Биз ансыз деле киборгдорго айланып баратабыз. Телефон, компьютер - адамдын уландысы болуп калды. Биздин бири-бирибиз менен байланышыбыз сөз жана манжаларыбыздын жардамы менен жүрөт, бул өтө жай. Менин оюм боюнча, мээ өзү башкара турган интерфэйс төрт-беш жылдын ичинде пайда болот.
- Өмүрүмдүн калган бөлүгүн көл жээкте эс алып жатууга аргасыз болуу мен үчүн коркунучтуу түш сымал. Акылыман тайып, баңгизатын колдонуп баштамак болсом керек. Эриккенимен жанымды кечмекмин. Менин айланамда кыймыл болуп турганын сүйөм.
- Мен коркпойм деп айта албайм. Чыныда бул эмоциянын менин жашоомдогу ордун кыскарткым келет. Себеби ал алаксытат жана нерв системасын алсыздандырат.
- Бизнести эң төмөнкү баскычтан баштап рынокко кирүү туура. Тескерисинче болгону кейиштүү.
- Генри Форд арзан жана ишенимдүү автомобилдерди жасаганда, элдер: “Жок, рахмат. Ат менен эле жүргөн оң”, -деп айтышкан. Ал тобокелдикке барып, ийгиликке жетишти.
- Эгер сенин миллиондогон долларларың болсо, жашооң түп тамырынан өзгөрөт, тескери айткандар калп айтышат. Стандарттуу жашоонун көз карашы менен алганда мен иштебей деле койсом болот. Бирок, билесиңерби, мен иштейм. Мен күндө иштейм. Дем алыш күндөрү да. Отпускага чыга элегиме бир нече жыл болду.
- Кымбат ракеталардын укмуш эч нерсеси деле жок. Болгону мурда аларды жасаган адамдар өтө эффективдүү эмес иштешкен.
- Мен ар дайым уккан нерсемдин чын же калп экенин билүүгө умтулуп келгем. Балким, кандайдыр бир башка жообу бар, деп изденчүмүн. Биринчи классыман ошондоймун. Ата-энемдин айласын кетирип, эч качан айтылганга дароо ишенчү эмесмин. “Эмне үчүн?” деген суроомо жоопту талап кылып, жооп алгандан кийин канчалык деңгээлде чын экенин текшерчүмүн.
- Мени билген адамдар мен жөнүндө жакшы ой-пикирде болушат. Мен аларды жумуштан кетиргенге чейин.
- Жумасына 80-100 сааттан иштеңиз. Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүңүз кыйла жогорулайт.
Мерилин Монронун цитаталары бул жерде.
Моника Беллуччинин цитаталары бул жерде.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.