Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратасың

2019.06.14, 17:59
2626

Кытай элинин акылманы Конфуций ушунчалык көп кылым мурда жашап өткөн, бирок анын акыл-насааты ушу күнгө чейин эскирген жок. Bilesinbi.kg философтун эн мыкты цитаталарын чогултту.

  • Эгер сенин акылыңды жек көрүү сезими каптап турса, демек сен утулдуң.
  • Биз акыл-насаатты тамчылатып кабыл алабыз, кеңештерди чакалап таратабыз.
  • Асыл адам өзүнө талапты катуу коет, пас адам башкаларга талапты катуу коет.
  • Жашоодо үч нерсе эч качан кайтып келбейт, алар – убакыт, сөз, жана мүмкүнчүлүк. Ошондуктан убакытыңды текке кетирбе, сөздү ойлонуп сүйлө, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба.
  • Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратасың.
  • Жан дүйнөң кыйналып турганда – табиятты тыңша. Миллиондогон сөздөргө караганда жымжырттык жакшыраак сооротот.
  • Өмүр бою караңгыны каргап өтсөң болот, же болбосо кичинекей шам жагып алсаң болот.
  • Сулуулук бардык нерседе бар, бирок бардыгы эле ал сулуулукту көрө албайт.
  • Бирөө сага катуу айтып көңүлүңдү калтырса, демек ал сенден да катуу кыйналып жатат.
  • Өзүнүн кемчилигин билип туруп оңолбогон адам дагы бир кемчилик кетирет.
  • Эч качан өзүңүз жөнүндо жакшы дагы жаман дагы айтпаңыз, биринчисине ишенишпейт, экинчисин ашырып айтышат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт