// //

Аялың жаркырап турса, үйүң да жарык, кабагы түйүлүп турса, караңгы түн түшөт

2020.01.22, 16:02
2758

Индия  - бул укмуштуудай, акылга сыйбаган, көп кырдуу өлкө. Индиялыктар дүйнөнүн өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон, алардын байыркы маданияты, ырлары жана улуу акылмандарынын таамай айткан сөздөрү азыркы күнгө чейин бизди таң калтырат. Bilesinbi.kg индия элинин цитаталарын сизге сунушайт. 

  • Бала – сенин үйүңдөгү мейман. Курсагын тойгуз, мээримге бөлө, акыл үйрөт андан кийин кое бер.
  • Жолго аттанып жатып мактанба, кайтып келатканда мактан.
  • Өзүңдү акылманмын деп санасаң, анда баладан, аялдан, аксакалдан жана акылы кемден сөз талашпа.
  • Биз өмүрүбүздүн узактыгын өзгөртө албайбыз, бирок анын маңызын жана тереңдигин өзгөртүү биздин гана колубузда.
  • Адам жашоосунун башталышында океандын жээгинде турам деп ойлойт, анын колунда бир гана чай кашык бар экенин аңдабайт.
  • Улуу адам идеяларды талкуулайт. Орто адам окуяны кеп кылат. Майда адам башка адамды сөз кылат.
  • Алган киши алаканын толтурат, берген киши жүрөгүн толтурат.
  • Убакыт эч кимди жаман көрбөйт, эч кимди жакшы көрбөйт, эч кимге кайдыгер эмес. Ал бардыгын өз убагында алып кетет.
  • Жакшы адам жасаган жакшылыгын унутат, кетирген күнөөсүн унутпайт. Жаман адам тетирисинче – жасаган жакшылыгын унутпайт, кетирген күнөөсүн бир заматта эсинен чыгарып коет.
  • Аялың жаркырап турса, үйүңдүн ичи жарык, аялыңдын кабагы түйүлүп турса, үйүңө кара түн түшөт.

Дагы кызыктуу цитаталар:

Моника Беллуччи: Сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн
Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүмдү өбүү үчун керек экенин кийин түшүндүм

Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратысың

Илон Маск: Көл жээкте эс алып жатууга рагасыз болсом, наркоман болуп кетмекмин

Мерилин Монро: Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт