// //

Кайын эне күн көрсөтпөсө эмне кылуу керек? Адистен кеңеш

2018.11.09, 13:41
4645

Зомбулукту ачык айтыңыз!

Кыргыздарда келинге карата бир катар тыюулар бар. Мисалы, келин каяша сүйлөбөй, күйөөсүн урматтап, кайын-журтуна кызмат кылууга милдеттүү экени айтылат. Бирок кайын эне жашооңо кийлигишип күн көрсөтпөй жатса эмне кылуу керек? “Баарына чыдашым керек” деп кемсинтүүлөргө баш ийип жүрө берген туурабы? Келиңиз, эксперттердин оюн угуп көрөлү.

 Гүлбарчын Жумабаева, никелер жана зордук зомбулук боюнча эксперт:

Кайын эненин кордугу - зомбулуктун бир түрү!

Билесизби, башка үй-бүлɵгɵ келин болуп барып, түтүн булатып жатканыңыз үчүн эч кимдин алдында күнɵɵлүү эмессиз. Кайын энеңиз туура эмес мамиле жасаса ачык айтыңыз, түшүндүрүүгɵ аракет кылыңыз. Сүйлɵшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбосо, 102ге чалып жардам сураңыз, милицияга кайрылыңыз.

КРнын үй-бүлɵлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жɵнүндɵгү мыйзамында: “Үй-бүлөлүк зомбулук – бул күч колдонулган, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайын жасалган кыймыл-аракет же коркутуу, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөсүнүн/үй-бүлө мүчөсүнө теңелген адамдын башка бир үй-бүлөнүн мүчөсүнө/ага тең келген адамга карата болгон аёсуз орой мамилеси” деп жазылган. Мыйзамда көрсөтүлгөн үй-бүлɵ мүчɵлɵрү деген түшүнүккө жубайлардын ата-энелери, чогуу жашаган туугандары да кирет. Демек, чогуу жашаган үй-бүлɵ мүчɵлɵрү экинчи чогуу жашаган адамга кордук кɵрсɵтүүгɵ акысы жок!

Мыйзам сизди коргойт!

Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" кризсистик борборунун жетекчиси, психолог:

Убагында күйөөсүнөн, кайын журтунан кордук көргөн кайын эне келинине туура эмес мамиле жасайт. “Мен да чыдагам, сен да чыдагын” деп келини менен баласын кайраштырып, “аялды башынан карма, ордуна отургузуп кой” дейт. Бул туура эмес. Эгерде эне баласын жакшы көрсө, сүйүп алган жары менен бирге болуусуна жардам бериши керек.

Кайын эне жашооңорго кийлигишип күн көрсөтпөй жатса, жай олтуруп сүйлөшүңүз. Макул болсо чогуу психологго кайрылып, ортодогу мамилени жакшыртуу боюнча кеңеш алгыла.

Маселени жөн таштап койгонго болбойт!

Рита Карасартова, укук коргоочу:

Мыйзамда тең укуктуулук белгиленген. Бардык адамдар бирдей укуктарга ээ. Кайын журтуна кызмат кылуу мыйзамда милдеттендирилген эмес, бул каада-салт. Кызмат кылбайм десеңиз, кийин ошого жараша мамиле аласыз, чечим өз колуңузда.

Укугуңузду коргоңуз, башкалар тарабынан тебеленишине жол бербеңиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт