Гарднереллез деген инфекция аябай коркунучтуубу? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Кош бойлуумун, биринчим. Мазок берип анализ тапшырсам (ДНК Gardnerrlla vaginals (метод ПЦР в реальном времени) деген инфекция бар деп чыгарып берди, аябай коркунучтуу дегенинен силеден да жооп алайын дегем. Чоң рахмат!
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Гарднереллез – бул жыныс кынынын дисбактериозу, анын козгоочусу – гарднерелла вагинались.
Дибактериоз – бул адамдын организминдеги микробдук дисбаланс, башкача айтканда өзүно тиешелүү абалдан, тен салмактуулуктан чыгып калышы. Дисбактериоз өз алдынча оору болуп саналбайт, бирок кандайдыр бир дарттын себеби болушу мүмкүн.
Гарднереллез венерикалык ооруларга кирбейт, бирок жыныстык катнаш аркылуу жугат. Анын симтомдору төмөнкүдөй:
- боз, бозомдук түстөгү суюктук (выделение);
- выделение жабышчаак, быштак сымал;
- кээде сасып кеткен балыктын жытына окшош;
- кычышат.
Аны “мазок” алып аныктоого гана мүмкүн. Дарыланганда сөзсүз жыныстык өнөктөшүң менен бирге дары ичүү керек. Ансыз дарылануунун эффектиси болбойт.
Кош бойлуулук тууралуу бул жактан окусаңыз болот:
Кош бойлуулук календары (1-12 жума)