// //

Эмне үчүн эмизип жатканда чач түшөт? Себептери жана алдын алуу жолдору

2020.02.17, 16:33
1784

Лактация учурунда чачтын түшүшү кеңири тараган көрүнүш. Бул бир нече факторлорго байланыштуу жана табигый нерсе болуп саналат. Эмизип жатканда чач эмне үчүн түшөт маммолог Аида Осомбаева айтып берди.

Эмизүү менен чач түшүүнүн кандай байланышы бар?

Кош бойлуу кезиңизде чачыңыз жумшак, жылтырак, жылмакай болгонун байкасаңыз керек. Ал эми көз жарып, эмизип баштагандан кийин, анын бири калган жок. Өңү өчүп, учтары кургап, адаттагыдан көбүрөөк түшө баштады - бул нормалдуу көрүнүш.

Буга бир нече фактор себепкер: гормоналдык фондун өзгөрүшү, витаминдердин жетишсиздиги, уйкудан калуу, стресс. Кабатырланбаңыз, ден соолукка туура кам көрүп, рационалдуу тамактануу менен чачыңыздын көркүн кайра калыбына келтирип алсаңыз болот.

  • Организмдеги гормоналдык өзгөрүү

Кош бойлуулуктун акыркы айларында болочок эненин организминде эстроген гормону күчүнө толуп турган кези болот. Ал эми көз жаргандан кийин башкы роль пролактинге өтөт. Бул гормон -лактациялык гормон болуп саналат. Башкача айтканда, аялдын организминен сүт бөлүп чыгаруу системасына жооптуу. Ал эми эстроген гормонунун деңгээли кескин түшүп кетет. Мынчалык курч өзгөрүүлөр чачтын түшүшүнө себепкер болот.

  • Туура эмес тамактануу

Эмизип жаткан эне, тамактануусун толугу менен баланын керектөөсүнө ылайыктайт. Буга чейин күнүмдүк рационго кирген айрым азыктарды убактылуу жегенге болбойт. Мисалы таттуулар, мөмө жемиштер, баланын аллергиясын козгой турган продуктулар. Ал эми сууга бышкан эт, туздуу эмес шорпо, жер-жемиштерди жетишээрлик деңгээлде жана күндө жеп туруу керек.

  • Витаминдердин жетишсиздиги

Витаминдердин жетишсиздиги туура эмес тамактанууга түздөн-түз байланышы бар. Төрөттөн кийин да эненин организми эки кишиге ылайыктап иштөөсүн уланта берет. Ал өзүн да баланы да азык менен камсыздоого умтулат, бирок көбүрөөк бөлүгүн балага берип коет. Ошондуктан, эмизип жаткан эненин күнүмдүк тамактануусуна жакшылап көңүл бөлүү зарыл. Антпесе тырмактары сынып, териси кургап, чачы түшө баштайт.

  • Уйкудан калуу, стресс болуу

Кичинекей баласы бар энелер үчүн уйкусунун канбай калышы катардагы көрүнүш. Бала үчүн сарысанаа болуу, ага кам көрүү, күнүмдүк тиричилик, чарчоо ж.б. стресс гормонун пайда кылат. Булар аялдын ден соолугуна жана келбетине терс таасирин тийгизет.

Эмне кылыш керек ошондо?

  1. Иммунитетти көтөрүңүз

Күчтүү иммунитеттин өзөгү – белок. Белокту камтыган азыктар: куш-кантуулардын эти, уйдун эти, койдун эти, балык, сүт азыктары. Андан тышкары иммундук системага түрдүү препараттар менен жардам берсе болот. Витамин ичип баштаардын алдында үй-бүлөлүк дарыгерден консультация алып коюу зарыл.

Эсиңизде болсун! Айран, кефир, йогурттарды этияттык менен ичүү керек. Алардын курамына кирген бифидо- жана лакторбактериялар бир чети ичеги карындын микрофлорасына пайдалуу болсо, бир чети сиздин да баланын да ичин көптүрүп коюушу мүмкүн. Мындайда башкы шарт, бардыгы ченеми менен болгону жакшы.

  1. Чачыңызга туура кам көрүңүз

Убактылуу фен жана чачты түздөөчү үтүк менен колдонбой туруңуз. Калыбына келтирүүчү жана азыктандыруучу маскаларды жасаңыз.

  1. Богок безин текшертип көрүңүз

Эгер туура тамактанып, витаминдердин баарын ичип, чачыңызга кам көрүп, ашыкча стресс болбосоңуз деле, чачыңыз мурункудай түшүп жатса, анда медициналык текшерүүдөн өтүп көрүңүз. Богок безининин иштөөсү бузулганда, кандын курамында темир азайып кеткенде да чач түшөт.

Ал эми жогоруда аталган шарттарды аткарып, өзүңүзгө туура кам көрсөңүз, бир нече айдан кийин бардыгы калыбына келет.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт