Жээриген күйөө балам карыздарымды төлөп берди
Бул нерсеси жакпайт деп так айта албайм, жалгыз кызымды кызгандымбы, айтоор, башынан эле жаман мамиле кылчумун. Аталап жаныма келсе ары басып кетем. Үйүнө конокко чакырса барбайм. Жолдон жолугуп калса көрмөксөн болуп коем.
Кызым экинчи курсунда турмушка чыккан. Али жаш экенин айтып каршы болгом.
- Башыңды айлантып алган окшойт.
- Ата, бир эле жолугуп көрсөңүз, мыкты жигит экенин дароо түшүнөсүз.
- Эмне үйгө алып келейин деп жатасыңбы?
- Ооба, апам экөөң менен тааныштырсам ...
- Токтот, ата-энесин жиберсин.
Кудалар жөнөкөй адамдар экен. “Айтканыңыздын баарын аткаралы, биринчи келинибиз”,-деп, алдыма түшкөнү атайын тээ алыскы айылдан келишти. Сүйлөшүп, той күнүн белгиледик.
Той. Кызымды бетинен өптүм. Күйөө баламды кучактаганга жараган жокмун.
Экөө тең студент. Жумуштары жок. Шаарда батирде турушат. Батирге чыкканга чейин бир ай биздикинде болушту. “Күч күйөө балам кана?", эртең менен чайга отурганда эле асылып баштайм. Унчукпайт. Ар дайым “ата, жакшы уктап турдуңузбу?” – деп келип учурашат.
Турмуштарына кийлигише берем. Качан үйүнө барбайын уруш чыгарып келем.
- Өмүр бою батирлеп жүрөсүңөрбү? Кызымды бага албагандан кийин эмне алдың?
- Ата, жумуш таптым, буйруса айлыгы жакшы. Окууңду бүтөрүң менен кел дешти.
- Жомокторуң менен башымды оорутпачы.
Көп нерсени айтпай эле коеюн. Эстеген сайын уялам. Кээде биз деле ката кетирет экенбиз. Өкүнүчтүүсү, бул нерсени убагында түшүнбөгөнүбүз.
Үйдү ремонттойм деп, байбичем кой десе болбой олчойтуп кредит алдым. Убагында төлөй албай пайызы көбөйүп кетти. Аны жабам деп үстүнө дагы бирди алдым. Жаба алган жокмун. Банк бир айдан кийин үйдү бошоткула деди.
Дос-туугандардан бир тыйын чыккан жок. Убагында менден сурашканда бере салчумун, эми минтип ишим түшкөндө баары кайдадыр качып кетти. Бир эле адам калды. Күйөө балам.
Жакшы фирмада иштейт. Үй алам деп чогултуп жүргөн акчасы менен карыздарымдын баарын жаап берди. Бетин карагандан уялдым. “Ата акча табылат, көп кабатыр болбоңуз”, - дегенде көзүмөн жаш акты. Кызым мыкты жигитке турмушка чыкканын ошондо билдим.
“Убагында сени жээрип, көңүлүңдү көп ооруттум. Эми минтим мени колдогон жалгыз сен калдың. Сенин мынчалык адамгерчиликтүү экениңди билбепмин. Атаңды кечир уулум!”
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт
Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты
Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим
Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады
Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү
Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды
Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди