// //

Адамдар өзгөрбөйт, жөн гана маскасын чечет

2020.02.07, 15:22
2412

Ар бирөөнүн өз тагдыры жана тандоосу бар. Тандоо жасап жатканда бирөөгө карабаңыз. Күмөн санасаңыз, жасабаңыз. Эгер ал сиздики эмес экенин түшүнсөңүз – кое бериңиз. Биздин бул уникалдуу жашообуз дал ушинтип курулат деп жазат психолог Оксана Цыпина.

Бир күнү консультацияма жүдөгөн бир аял келди. Диванга талп эттире отуруп, дароо ыйлай баштады. “Эмне үчүн мага мындай болоору жөнүндө эч ким айткан жок?” – деп кайталап жатты. Ал экөөбүздүн маегибиз көп нерсени ойлонууга түрткү берди. Жыйынтыгында, эң жакын адамдарыңыз дагы эч качан айтпай турган нерселер жөнүндө жазгым келди.

1) Нике кандайдыр бир көйгөйдөн, жалгыздыктан же боштуктан куткарбайт. Башка адам кемчилигиңизди компенсациялабайт, тескерисинче, ал аны күчөтөт же ашкерелейт, бул нерсе менен бир гана өзүңүз күрөшүүгө туура келет.

2) Мындан башкасы болбой калышы мүмкүн деген коркуунун натыйжасында табылган вариант менен жүргөнгө караганда жалгыз болуу адилеттүү болоорун эч ким айтпайт.

3) Балдар – ар дайым эле бакыт эмес. Бул көйгөй, уйкусуздук, толугу менен жеке убакыттын, кээде жашоонун жоктугу. Эгер муну билсеңиз – жакшы, эгер баланын төрөлүшү менен баары сонун болот деген ойдо болсоңуз, балалуу болушуңуз керекпи же жокпу жакшылап ойлонуңуз.

4) Мамиле – бул эки жактуу жоопкерчилик. Эгер ар ким өнөктөшү үчүн эмес, өзү үчүн жооп берсе, баарына жакшы болот.

5) Идеалдуу деп эсептеген үй-бүлөлөрдө да көйгөйлөрү бар. Идеалдуу үй-бүлө жок.

6) Бардык “сүйөм” тез бүтөт. Эгер сиз сүйлөшкөндү, бири-бирин сыйлап жана кам көрүүнү үйрөнгөн эмес болсоңуз, анда мамиле курбай эле туруңуз. Сиз ага али өсүп жете элексиз.

7) Көп өнөктөштөр бири-бирине секс тууралуу калп айтышат. Аял оргазмды имитация кылат, эркек жыныс мүчөсүнүн оорусун жакындык деп ойлойт. Жыйынтыгында экөө тең канааттанбаган жана ачуулуу. Сексуалдык каалоолоруңуз тууралуу ачык айтканды үйрөнүңүз, деги эле бардык нерселер тууралуу ачык айтканды үйрөнүңүз.

8) Эгер башында эле өнөктөштөрдүн ортосунда жалпы бир нерсе жок болсо, анда анын кийин пайда болоорунан күмөн бар. Ошондуктан, убакыт өткөн соң даттануунун кереги жок, сиз башында эле кимди тандап жатканыңызды жакшы билгенсиз.

9) Каталарыңызды моюнга алганды үйрөнүңүз. Эгер ката кетирип алганыңызды жана жаныңыздагы адам сиздики эмес экенин түшүнсөңүз, дароо кетиңиз. Анын да, өзүңүздүн да башыңызды айлантпаңыз.

10) Адамдар өзгөрбөйт. Алар жөн гана көбүрөөк ачылат жана маскасын чечет. Сиз сүйүүңүз менен эч качан эч кимди өзгөртө албайсыз. Эгер адам сизди өз жашоосун өзгөртүшү керек болгон баалуулук катары эсептеп, өзү чечим кабыл алса, анда – ал анын чечими. Эгер боорукер сыйкырчынын милдетин өзүңүзгө жүктөсөңүз – сиз келесоосуз.

11) Эч кандай рухий практика реалдуу көйгөйлөрдөн куткарбайт. Сиз аны көрбөй калсаңыз эле, алар жок болуп кетти дегенди билдирбейт. Ошондуктан, объективдүү реалдуу дүйнөнүн көйгөйүн, бул реалдуулукта конкреттүү иш-аракеттер аркылуу чечиңиз.

12) Бирөөнүн кеңештери менен жашабаңыз, өзүңүздүн ички дүйнөңүзгө жана үй-бүлөңүзгө кесипкөй эместерди киргизбеңиз.

13) Эркектер менен баары жөнөкөй: аларды колдоп, угуп, курсагын тойгузуп жана үйдөгү ордун тартып албаш керек. Аялдар менен баары жөнөкөй: алар менен сүйлөшүп, коопсуздук жана сүйүү сезимин берүү зарыл. 

14) Эмне үчүн сизге үй-бүлө куруу жана балалуу болуу керек экенин түшүнгөндө гана буларды жасоо зарыл. Башкалардын пикири жана коомдун көз карашы бул жерде иштебейт.

15) Эгер ката кетирсеңиз – өзүңүздү кечирип, андан ары жол улаңыз. Жашоо өтө эле кызыктуу жана сонун, өз колуңуз менен тозок жасоонун кереги жок. 

Маалымат www. kyblife.blogspot.com сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт